МБанк алдайбы? “Азиянын” товарлары эмнеге кымбат? Бабанов жооп берсе...


Кызык. Өмүрбек Бабановдун бизнестерине байланыштуу дайыма элдин нааразычылыгы айтылып келет. Мындай шартта сабак алып, жыйынтык чыгарыш керек да. “Доңуз копсун” дегенчелик кылып, тоготпой жүрө бергени эмнеси?
Биринчиден, соцтармакта дайыма МБанк колдонуучулары акчаларын “жедирип” койгонун, же убагында тейлөө ойдогудай болбогонун жазышып, нааразычылык жаратып келатышат го? Бул жагдай качан чечилет? Ыраатка салынышы керек да.
Экинчиден, “Азия” супермаркеттеринде азык-түлүктөр, дээрлик товарлар улам кымбаттап, өсүп эле баратат. Башында Бабанов элди акырындап көндүрүп алып, анан бааны көтөргөнүн карасаң. Ошол эле “Азиянын” жанындагы чакан дүкөндөрдөн арзанчылыкты байкайсың, мындай аргументтер көп. Кымбатчылык кара тумоодой каптап, жакырчылык карапайым калкты басып жатканда, Өмүрбек Токтогулович “кан соргондой” мамилесин токтотпойбу? Эл болбосо бизнесин кантип гүлдөтөт эле?
Соңку убактарда Бабановдун маанайы жакшы экенин жакындары божурай калышууда. Сыягы өнтөлөгөн өкмөт башына келип, баягы алдаркөсөлүк “фокус-мокустарын” жасап, кайрадан башыбызга чай кайнатабы? “Алтын шилекейин” чачыратса эле кайран кыкеңдер алданып, ооз ачып отуруп калмайлары бар. Бирок барган сайын кедейчиликтен каржалгандар көбөйө баштады, Бабановдун “жомоктору” өтпөй калышы мүмкүн...
"Азия Ньюс" гезити











