Тилекмат Күрөңовду түрмөгө каматкан Жеңиш Молдокматов күнөөсүн сезбейби?


Өткөн жылдын 9-октябрь күнү Жеңиш Молдокматов контрреволюция кылуу үчүн Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков, Руслан Казакбаев, Рыскелди Момбеков ж.б. саясатчылар менен Ала Тоо аянтына чыгышып, элден тепки жеп качышкан. Ошондо Жеңиштин жели чыккандай болгон эле. Бир эсе кызматка да илинбей калып, бугу көөдөнүнө батпай кыйналып жүрдү. Акыры Тилекмат Күрөңовду бийликке тукуруп, чагымчылык иретинде мамлекеттин туруктуулугуна шек келтирген постторду жаздырып, акыры каматып тынды го? Эмне үчүн буга жооп бербейт? Тескерисинче, күнөөнү башка жактан издейт. Эң башкысы, балээнин баары өзүндө да. Акыйкаттан алганда, Тилекматтын камалышы Жеңиш Молдокматовдун абийиринде. Эми түштөн кийин аны коргомуш болуп, актанып жүрөт. Ушул да мырзалыкпы?!
Aryba.kg











