Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбай Тайлаков: “Бензиндин баасы 6-7 сомго, дизель майы 1-1,5 сомго арзандады”

Кеңешбай Тайлаков: “Бензиндин баасы 6-7 сомго, дизель майы 1-1,5 сомго арзандады”

14-апрель, 19:30
6 168 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси менен маек.

-- Азыр баардык жактан жут, кымбатчылык орун алган жаз мезгили. Сиздер бул күндөрү бааларды кантип ооздуктап жатасыздар? Кандай болгон күндө да эл кымбатчылыкка, бааларга нааразы го?

-- Жалпысынан инфляциянын деңгээли жыл башынан бери 3%дын тегерегинде болду. Ал эми баанын өйдө-ылдый болуп өзгөрүп турушу, биринчиден, сырткы фактордон, импорттон алган товар, ал жактагы дүң баалар, логистикалык чыгымдарга жараша болот. Муну эске алышыбыз керек. Андан сырткары, ички таасирлерге, сезондук шарттарга жараша да баалар өзгөрүп турат. Ошол эле картошка, сабиз, пияз, помидор, бадыраң азыктарына сезондук баалар таасир берип, сезондук талапка байланыштуу өзгөрө берет. Биздин милдеттерибиздин бири – эркин жана бирдей атаандаштыкты камсыз кылуу.

Биз бүгүн экономикалык ачык-айкын шартта жашап жаткандан кийин баалар эркин. Суроо-талапка жараша бааларын өздөрү коюп иш алып бара беришет. Ал эми бүгүнкү күндө министрлер кабинети тарабынан салыктык жеңилдиктер да каралган. Ошол эле буудай азыгына, ун чыгарууга бул жактан кошумча нарк салыгы 0 пайызга белгиленген. Андан сырткары, ошол эле өсүмдүк майына кошумча нарк салыгы каралган. Ошону менен бирге матрезервдер мамлекет тарабынан ылдыйкы баада сатуулар дагы жүрүп турат. Бул сатуулардын баасы биз тараптан белгиленген. Ошол эле биринчи сорттогу ун азыгы матрезервдерде 27-28 сомдон. Ал эми өсүмдүк майынын баасы 90, кумшекер 65 сомдон. Бул рыноктон бир топ ылдыйкы баа. Себеби, бул жерде бааларды белгилеп жатканда эң төмөнкү дүң бааларды эске алуу менен белгиленет. Анан булар дагы рынокко таасир берип турат. Үчүнчүдөн, биз тараптан апта сайын тийиштүү мониторингдер, сурамжылоо, талдоолор болуп турат. Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине, президенттик администрацияга апта сайын маалымат берип турабыз.

-- Башка кошуна өлкөлөр менен салыштырганда азыктардын баасы кандай? 

-- Бүгүнкү күндө баалар стабилдүү. Көлөмдөр дагы жетиштүү. Ошондой эле азыркы учурда кошуна ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө кандай экенин да талдап, эске алып турабыз. Мисалы, бизде 1-сорттогу 1 кг ундун баасы 40 сом 40 тыйындын деңгээлинде. Кумшекердин баасы 85 сомдун тегерегинде. Ошондой эле “Глобус”, “Фрунзе” сыяктуу ири дүкөндөрдө макулдашуунун аркасында 1 кг кумшекер 78 сомдун тегерегинде сатылып жатат. 

-- Жазга карата күйүүчү май маселесине дагы токтолсоңуз?

-- Күйүүчү май жыл башынан бери дүң баасынын ылдыйлаганы социалдык жактан өтө маанилүү. Маселен, нефтетрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларды рубль менен сатып ала башташты. Жыл башынан бери бензиндин баасы 6-7 сомго, дизель майы 1-1,5 сомго арзандады.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер