Чудинов сурак бергенден кийин Мадумаров чочулап, заарын анча чачпай калды

“Протокол” чатагынын айынан башкы прокуратурага бир канча ирет суракка барган Адахан Мадумаров баштагыдай зирпилдебей, заарын азыраак чачып калыптыр. Парламенттеги жыйындарда ийкемдүү болуп, кээ бир маселеде сүзүлгөн келиндей тартынып, курулай упай алуудан, бийликти жамандоодон айбыгып жаткандай. Жүрөк суусу сыгылып калганбы? Бир билгени бар окшойт. Өздүк булагыбыз билдиргендей, Адахан Мадумаровдун иши боюнча экс-премьер-министр Игорь Чудинов да сурак берип, кабат-кабат каршы көрсөтмөлөрдү келтиргени ыраспы? Ошондон кийин камалып кетерин ойлогон “булбулубуз” баягы дулдулдай таскагын сала албай, “аста-секин колукту” деген образга кабылдыбы? Бирок, Адаханга ишенич жок, ыңгайы келсе кайрадан эле шакылыктап, “иритүүсүн” баштай берет...
"Азия Ньюс" гезити