Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Айкөл лидерге эл суусап турат”


-- Улуу Жеңиштин урматы үчүн Борбор Азия президенттери Москвага барышты. Анын ичинде Садыр Жапаров да бар. Бул көрүнүштү кандайча баалайбыз? Өткөн СССРдеги 70 жылдык тарыхыбызды сыйлообу, буга чейинки Россия менен достугубузду улантуубу, же Путиндин алдындагы көз карандылыктын жөнөкөй мисалыбы? Дагы кандай ойлор менен байытсак болот?
-- Россиянын Украинага баштаган согушу Борбор Азия мамлекеттерин бирдиктүү тышкы саясатты жүргүзгөнгө түрттү. Буга чейинки, мисалы, БУУнун алкагындагы бирдей добуш берүү, анан Москвага бүт Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери барганын баса белгилесек болот. Эми эртең-бүрсүгүнү ошондой эле топ менен Кытайга жөнөшөт. Бул чечим дагы ич ара талкууланып жасалган сапар. Мындай келишилген чечимдер кубандырбай койбойт. Анткени көз карандысыз Кыргызстан – бирдиктүү, күчтүү Борбор Азия аймагы болгондо гана ордун табат. Негизи мындай курч геосаясый абал Борбор Азия мамлекеттерине өзгөчө оордукту жаратты. Европа биримдиги, АКШ биздин аймак санкцияларды буйтап өтпөсүнө көзөмөлүн күчөттү. Мигранттардын согушка катышып жаткандыгы да кооптондурат. Анткени буга чейин Россия Борбор Азия чөлкөмүндө коопсуздук жагынан кандайдыр бир кепилдик берип келген. Эми геосаясый абал кескин өзгөрүп, Россия азыр катуу жаракат алган аюуну элестетип турат. Баштагы таасирин жоготту. Бул нерсе Афганистандын түндүгүндө катуу кагышууларга алып келди. Сакалчандар биздин аймакка кирип, 1999-жылдагы Баткен окуясы кайталанбайбы (?) деген реалдуу коркунуч пайда болду. Борбор Азия дайыма геосаясый талаштын аянтчасы болуп келген, азыр бул талаш мурда болуп көрбөгөндөй курч абалга жетти. Ар кандай чагымдар да болушу мүмкүн, анткени жер, суу, же этникалык негизде от бат эле тутанып кетиши мүмкүн. Ошондуктан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларында өтө этият, тең салмактуу саясат болушу абзел. Өз кызыкчылыгыбызды биринчи орунга коюп, эч кимдин колтугуна кирбей, бирок ошол эле учурда бир да геосаясый державалардын каарына да калбагандай саясат жүрүшү керек.
-- Коомчулукта, өзгөчө соцтармактарда Россия менен Украинаны жактагандар экиге бөлүнүп, “кызыл-чеке” болгондору уланууда. Мындай шартта бийликтин позициясы кандай болушу керек? Жол көрсөтөбү?
-- Мындай “кызыл-чеке” болуу нормалдуу көрүнүш. Баардык өлкөлөрдө, өзгөчө Кыргызстан сыяктуу демократияга багыт алган мамлекеттерде талкуулар күч алды. Бул бийликке пайда алып келчү көрүнүш. Анткени Кремль бизди ачык колдоо сыяктуу Садыр Жапаровго басым кылып баштаса, биздин президент “элдин каарына калам” деген сыяктуу жооп кыла алат жана буга толук негиз бар.
-- Учурда бийликти сындагандар төөбастыга калышканы байкалууда. Даяр турган блогерлер, “фейк-фабрика” жабырап эле чыга келери көнүмүшкө айланды. Же алдыда кандайдыр бир коркунучтар барбы? Эмнеге мынча “сезимтал” болуп кетишти?
-- “Фейк-фабрикалар” мурдагыдай таасирин жоготту, анткени калп көпкө созулбайт. Бийлик ошондой арам, каралоо жолун тандап жатканы чоң жаңылыштык. Бийликтин негизги милдети – элди бириктирүү. “Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган” айкөл лидерге эл суусап турат. Садыр Жапаров азыр блогер эмес, килейген элдин президенти экенин кээде унутуп койгондой. Атамбаев баарына ыплас аттарды коюп жатып, кийин буга катуу өкүнүп, алардан кечирим сурады. Бул абалга Садыр Жапаров өзүн жеткирбесе дейм.
-- Акыркы убакта оппозиция алсырап, коомго анчейин таасир этпей калды. Камакта, сотто, ж.б. ыкмалар менен кысымга алынышты. Бара-бара бийликке сын-пикир айткандарды жоготуп албайбызбы?
-- Бийлик утурумдук жеңишке жетти. Саясый куугунтук аркылуу оппозициянын көчө лидерлеринин оозун жапты. Башкалар да сестенип, унчукпай калышты. Ошо менен катар бейөкмөт уюмдарга, медиага, тынч митингдерге да болуп көрбөгөндөй чектөөлөр күчөдү. Буга Кремль да салым кошуп жаткандай. Бирок эркиндикке болгон кысым экс-президенттердин өздөрүнүн башына, революцияларга да себеп болгон. Ошондуктан сын-пикир айткандарды жоё алышпайт, буга бөркүмдөй ишенем. Ошондой тескери саясатты баштагандар өздөрүн аңга түртүп жатат (!) деген күмөн оюм бар.
-- Бүгүнкү күндөгү Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин саясый салмагына кандай баа берет элең? Кимисиники жогору турат?
-- Бир жыл мурун абройлуу америкалык уюмдун жасаган сурамжылоосу боюнча Садыр Жапаровду колдогондор 34%, ал эми Камчыбек Ташиевди жактагандар эки эсе аз, 18% болгон эле. Азыр деле ошондой окшойт. Бирок суроо кайда узап жатканын көрүп турам... Баса айтып кетейин, бийлик шайлоо жолу менен өзгөрүшү керек. “Садыр Жапаровду кетирем” дегендерге ошондо өз күчүн сынаганга кезек жетет. Ага чейин президентибизди тууралап турабыз...











