Акыркы кабарлар
» Коом » Памирлик кыргыздардан 10 үй-бүлөнү алып келишти
Памирлик кыргыздардан 10 үй-бүлөнү алып келишти
24-декабрь, 11:21
445 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ооганстандын Памир тоолорунда жашаган памирлик он үй-бүлөнү Кыргызстанга алып келишти.
Бөлүшүү:
Памирлик боордошторубуз Алай районунун Сары-Могол айылында туруктуу жашашат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Раимбек Мамасеитов Фейсбук баракчасына жазды.
Мамасеитовдун айтымында, айыл тургундары келген конокторго эски мектептин имаратын оңдоп-түзөп, жашоого ылайыкташтырып беришкен. Ошондой эле жылуу кийим, азык-түлүк, керек болгон буюм-тайымдар менен жардам берип жатышат.
Эскерте кетсек, буга чейин да Памирде жашаган бир нече кыргыз үй-бүлө көчүрүлүп келинип, алар Нарын облусуна жайгаштырылган.Aryba.kg