Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийликтин бардык бутактарына КАЙРЫЛУУ: "Шалаакы" өз ишин билбеген эки милицияга жоопкерчилик жокпу?

Бийликтин бардык бутактарына КАЙРЫЛУУ: "Шалаакы" өз ишин билбеген эки милицияга жоопкерчилик жокпу?

11-апрель, 12:10
1 355 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР Президенти Сооронбай Жээнбековго,

ИИМдин министри Кашкар Жунушалиевге,

УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевге,

КРнын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго

NazarNews.kg маалымат агенттигинен

                                                                              Кайрылуу

Урматтуу, Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев жана Өткүрбек Жамшитов Сиздерге Кайрылуубуздун себеби төмөнкүчө: NazarNews.kg маалымат агенттиги, ушул жылдын 25-мартында “Карантинге алынган 18 жаштагы кыз каза болду", деген темада "Россиянын Ленинград облусунун тургуну Италиядан келгенден кийин жашаган жери боюнча карантинге алынган. Ал газга ууланып каза болду. Бул тууралуу РИА Новости укук коргоо органдарына шилтеме берип жазып чыкты. “Италиядан келгенден кийин жашаган жери боюнча карантинге алынган Ленинград облусунун Аро айылынын тургуну 22-март түнү газга ууланып каза болду», - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 18-жаштагы кыз “Тез жардам” кызматы келгенче эле көз жумган. Окуя газ жабдуулар орнотулган жертөлөсүндө болгон”, деген кыскача макала чыккан.

Ушул макалага ылайык, “УКМК бизге кат менен кайрылды” деп, эки жигит 9-апрель күнү, эртең мененки саат 10 дор чамасында NazarNewsтун журналисттин сыртка чакырып, суукта 2 саат коркутуп жыйынтыгы жок суракка алган. Ошондой эле алар, “аталган теманы социалдык тармакка  таркаткан адамды камакка алабыз, сотко беребиз, 80 миң сом айып акча төлөйсүң. Россиядан маалыматты ким берди? Россиянын маалыматын чыгарбагыла. Жактоочу чакыргыла, мен силерди азыр камакка алышым керек” деп бир топ убакытка чейин ар кандай сөздөрдү айтып коркутушкан. Алар келгенде журналистке өздөрүн “УКМКда иштейбиз” деп тааныштырган. Ал тургай журналисттерге өздүгүн тактаган документтерин көргөзгөн эмес. Көрсө алар, Ысык-Ата районунун ИИБнин лейтенанты Калыков Дастан Темирбекович жана Пузин Вячеслав деген кызматкерлери болгон. Окуядан кийин журналист Жаңылай Сталбекова стресстен, эс учун жоготуп койгон. (Толугу менен видео тасма бар.)

Ошол эле учурда ИИМдин өкүлүнө  кайрылып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, кыска тасмаларды жөнөткөндө кыска убакыттын аралыгында Ысык-Ата РИИБнин орун басары Максат аттуу жигит келип, кызматкерлеринин атынан редакциябызга келип кечирим сураган. (Видео тасма бар) Ошондой “тырмактай” маалыматтын артынан УКМК, ИИМди, ИИМ УКМКНын күнөөлөп жаткандыгы таң калтырууда. Тилекке каршы жыйынтыгында Чүй облусунун ИИБы карандай калпын төмөнкүчө берип жатат.

ИИБынын маалыматы: Өздөрүн УКМКнын кызматкерибиз дешип, Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери маалымат агенттиктеринин биринин өкүлүн суракка алышкан деген маалымат боюнча төмөндөгүлөрдү билдерибиз. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын башында УКМКнын райондук башкармалыгы тарабынан эпидемиялык кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды, коомчулукту дүрбөлөңгө салуучу материалдарды социалдык желелерге таркатып жаткан айрым жарандарга карата ыкчам тергөө иш-чаралады жүргүзүү тууралуу материал Ысык-Ата РИИБнө келип түшкөн. Бул материал Ысык-Ата районунун ИИБү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексинин 128-беренеси (Адамдардын ден соолугуна кооптуулук түзгөн жагдайлар жөнүндө маалыматты жашыруу же бурмалоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн материал Ысык-Ата районунун ИИБдүн жоруктар иштери боюнча кызматына тапшырылган. Сотко чейинки жүргүзүлгөн өндүрүш иштеринин алкагында ишке тиешелүү материалдар топтолуп, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында такталбаган маалыматтарды бир канча жарандар социалдык түйүндөрдө бөлүшкөндүгү аныкталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө социалдык түйүндүн колдонуучусу 1999-жылы туулган кыздын өзүгү такталып, кызматкерлер тарабынан суралган учурда ал 2019-жылдын декабрь айында Фейсбук аккаунтун ачканын айтып, учурда ал аккаунтун Өлкөбүздөгү маалымат агенттиктердин биринде иштеген эжеси колдонуп жатканын билдирген. Үстүбүздөгү жылдын 9-апрель күнү Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан алынган маалыматтардын негизинде жогорудагы жаран менен сүйлөшүү болуп, иштин жагдайларын такташтыруу үчүн жолугушуу белгиленген. Белгилеп кетүүчү жагдай, өлкөбүздөгү эпидемиялогиялык кырдаалга байланыштуу аталган жаранга ыңгайлуу болуусу үчүн анын иштеген жерине барып, күбө катары көрсөтмө алуу максатында кызматкерлер айтылган дарекке барышкан. Маалымат агенттикте иштеген башка кызматкерлер да сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүнө тоскоолдуктарды жаратышып, кызматкерлерди видеого тартышып, териштирүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Ар түрдүү правокациялык иш-аракеттерден улам териштирүү ишти аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Андыктан, “Милиция кызматкерлери өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган”- деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүш иштеринин негизинде маалымат агенттикте иштеген кыздан көрсөтмө алуу үчүн барганын жана ал жердегилерге тиешелүү материалдары көргөзүшкөн. Эске сала кетүүчү жагдай, милиция кызматкерлери маалымат агенттикте иштеген кызды жогорудагы маалыматтарды таркаткан Фейсбук аккаунту боюнча күбө катары суроо үчүн барышкан. Ал эми маалымат агенттиктин “милиция кызматкерлери биздин журналисттерди алдап, опузалаган” деген билдирүүсү боюнча кызматкерлердин үстүнөн териштирүү иштери жүрүп жатат. Учурда эки тарап боюнча тергөө иш амалдары уланууда”, - деген чындыкка дал келбеген маалыматты бүтүндөй кыргыз элине таратып олтурганы кандай?

Анда Ысык-Ата РИИБнин орун басары эмне үчүн NazarNews.kg редакцияcынан кечирим сурап, алдыга түшүп келди?! Бул ошондо журналисттик көз караш эмес, жөн эле жаран катары алып караганда “кытыгылашып ойношуубу?” же өздөрүнүн жүзүн ачуубу, булардын журналисттерден башка эрмеги жокпу? Биздин редакцияга окуянын чоо-жайын тактоо үчүн бир дагы Чүй облусунун ИИБысынан бир кызматкери байланышка чыккан эмес, карандай калп! Эгерде журналисттерге ушундай калп маалымат таратып олтурса, мындан ары Чүй облусунун РИИБне маалыматтык колдоо эмес, катардагы сөзүнө ишеним көрсөтө албайбыз.

Урматтуу КР президенти Сооронбай Шарипович, Ички Иштер министри Кашкар Астаканович, УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаев жана КР Башкы прокурору Өткөрбек Жамшитов. Чүй ИИБи туура эмес, такталбаган маалыматты таратканы үчүн жооп берип, Ысык-Ата РИИБнин катардагы кызматкерлерине чара көрүп береңиздер! Анткени NazarNews.kg чыгарган маалыматта эч кандай “чагымчылдык жок”. ИИМдин катардагы кызматкерлери журналисттерге ушундай мамиле кылса, анда катардагы карапайым калкка сырттан душман издеп кереги жок! Бизде тактоо үчүн баардык тасмалар жана күбөлөр бар.

Урматтуу Кашкар Астаканович, тез аранын ичинде кызматкерлериңиздин шалаакы жүргүзгөн иштерине көзөмөл кылбасаңыз, “телефон чалып, маалыматты тактагандан эринген” кызматкерлериңиз, Сиздин башыңызды ого бетер ылдый каратып келе берет жана алардын айынан Сиз жаманатты болуп кала бересиз!

Сиздерди урматтоо менен  NazarNews маалымат агенттигинин жамааты!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер