Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев: “Катуу сууктан соң электр энергиясы оор акыбалга тушугуп калды”

Расул Умбеталиев: “Катуу сууктан соң электр энергиясы оор акыбалга тушугуп калды”

21-декабрь, 09:00
333 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Электр энергиясы менен камсыздоодо бүгүнкү акыбалыбыз кандай? Канчалык жаап жашырышкан менен аймактарда өчүрүүлөр орун алып жатат. Кыштан кантип чыгабыз?

-- Абал оор. Кечээки 12-13 градус суукта эле электр энергиясы оор акыбалга тушугуп калды. Себеби, жайкы мезгилге салыштырмалуу электрди колдонуу көлөмү үч эсеге көбөйдү. Жай мезгилинде 24-26 миллион кВт/саат электр энергиясын колдонсок, азыр күнүнө 68-70 миллион кВт/саат колдонуп жатабыз. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз, жетишсиз. Экинчиден, Бишкек жылуулук борборго көмүр толук кандуу келбей жатат. Ошонун негизинде 400 миң тонна көмүрдү Казакстан менен келишим түзүп, сатып алуудабыз. Анан дагы мурунку министр Доскул Бекмурзаев жайкы, күзгү мезгилде “биз кышында Түркмөнстандан, Казакстандан, Өзбекстандан электр энергия сатып алабыз” деп айтып жатты. Учурда Өзбекстанда да абал оор, газынын өндүрүшү азайып, өндүргөн электр энергиялары өздөрүнө жетпей, бул жагынан сыртка сатканга бөгөт койду. Жаратылыш газын дагы тышка экспорттоого тыюу салды. Ошонун негизинде Өзбекстандан электр энергиясын сатып алган жокпуз. Түркмөнстандан 1 миллиард 650 кВт/саатка келишим түзгөнбүз. Учурда Түркмөнстандан да электр энергиясы келбей калды. Себеби, алардан бизге Өзбекстан аркылуу келет. Ал эми Өзбекстанда жогорудагыдай абалдан улам, электр энергиясын линия аркылуу өткөрө албай жатат. Казакстанда да 2-3 миллиард. кВт/саат жетишсиз болуп, алар дагы бизге электр энергиясын сатканга мүмкүнчүлүгү аз.

Түштүк аймакка учурда толук кандуу жаратылыш газы келбей калды. Себеби, Өзбекстан тыюу салды. Түштүктө газ азайганга байланыштуу көбү электр энергиясын колдоно баштайт. Ушул маселелердин негизинде өлкөбүздө электр энергиясы жетишсиз болууда. Кээ бир аймактарда, көчөлөрдө өчүрүүлөр болууда. Ал эми улуттук “Энергохолдингдин” башчысы Таалайбек Байгазиев “эч кандай өчүрүүлөр болбойт” деп айтып жатат. Бирок, электр жетишсиз болгондуктан, кээ бир район, аймактарда өчүрүүгө мажбур болот. Башка айла жок. Жыл өткөн сайын кыш мезгилинде электр энергиясы менен камсыздоо өтө оор маселеге айланууда. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер