“Кеп чынынан бузулбайт” же Абдурашит аганын акыйкаты
“Азия Ньюстун” 6-майда чыккан санындагы Абдикарим Алимбаев жана Асамидин Марипов тууралуу чыккан материалга тактоо киргизүү үчүн кеңсебизге Абдурашит Тайиров аксакал башбагып, төмөнкүлөрдү айтып берди:
-- Марипов Асамидиндин төрт агасы, бир эжеси бар. Анын бир тууган карындашы жок. Агалары Турат – башкы эсепчи, Пазилат эжеси – колхозчу, Арапбай – политехте мугалим, Эргешбай – айдоочу, Шарабидин – мектепте мугалим болгон. Баары дүйнөдөн кайтышкан. Абдикарим өзүнүн классташы Нурмирага үйлөнгөн. Нурмиранын атасы Абдраимов Эшполот Ноокатта аким болуп турган (белгилүү композитор Бекболот Абдураимовдун иниси). Апасы Калилова Абийба көп жыл бою мектепте директор болуп иштеген. Экөө тең дүйнөдөн кайтышкан.
Чындыктын түбүнө жеткен “Азия Ньюс” гезитинин көп жылдардан бери үзбөй окуган, эл агартуунун отличниги, учурда Бишкекте жашап жаткан Тайиров Абдурашит Абдыкаарович
"Азия Ньюс" гезити