“Суу тартыш, күздө азыктар кымбаттайт, айыл чарба министрлигинин иши белгисиз”


“Аймактарда суу тартыш болуп, дыйкандар ыйлап жатышканы жашыруун эмес. Мунун кесепитинен түшүм жетишсиз болсо, акыбалыбыз кантет? Күздө дыйкандар нааразычылык жаратышпайбы?” деген собол салдык.

Эсенгул Исаков, коомдук ишмер:
-- Суунун тартыштыгы жылдан жылга көйгөй жаратып атат. Буга байланыштуу айыл чарбасында жер менен алектенген дыйкандар оор акыбалга туш келүүдө. Эгилген эгин бийик көтөрүлбөй, түшүм өтө аз болуп, кай бириники комбайнга илинбей, чабылбай да калат. Мындан тышкары, кызылча, пахта, жүгөрү, жашылчалар да төмөн түшүм берип, дыйкандын мээнети акталбай, күйүп кетүү алдында турат. Суу тартыштыгынын кесепетинен, талаш-тартыштын айынан дыйкандар ортосунда уруштар, нааразычылыктар көп. Мындай көрүнүштүн натыйжасы күзүндө айыл чарба азыктарынын кымбатташына алып келет. Нааразычылык жалгыз эле дыйкандарда эмес, сатып алуучуларда да пайда болот. Демек, тартыш сууну кантип өз убагында жеткирүүнү ар бир облус, район жана айыл өкмөтү ыкчам иш-чара катары көрүүсү зарыл.
Негизи, республикабызда Казакстан, Өзбекстанга караганда суубуз кенен. Бизде суунун тартыштыгы жеке менчик дыйкандардын ирилешип кооператив же бириккен дыйкан чарбаларга өтпөй, ар бири өз алдынча жерин иштетип, суу, техника, финансы жана адам ресурстарын үнөмдүү пайдаланбай жатканынан болууда. Тамчылатып сугаруу системасын кеңири колдонууга киргизүү да өкмөттүн чоң иш-чарасы болуусу зарыл. Өлкөбүздүн ар бир жылгасында күрүлдөгөн суу агат, ошондуктан суу башына суу топтоо куралмалары курулуусу керек. Себеби, кышы бою жазга чейин суу бекер агып кетпей, топтолуп, суу тартыштыгы болбойт эле. Дал ушундай кылып, суу топтолгон курулмалардын жанына таза суу үчүн да отстойниктерди куруп, шаарга, айылдарга жиберсе, суу тартыштыгы кескин азаймак. Анан албетте, санузелге таза сууну эмес, техникалык сууларды пайдалануу кажет.

Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер:
-- Ооба, быйыл былтыркыга караганда да көбүрөөк кургакчылык болуп жатканы байкалат. Былтыр жамгыр жакшы жаап, арпа, буудайдын бою бийик болуп, түшүм мол болгон. Быйыл жамгыр жаабай, арпа, буудайдын бою жапыз болуп, баш алып кетти. Эми күн тез ысып кетип, суу жок, күйүп кетип жатат. Күзүндө түшүм былтыркыга караганда аз болушу мүмкүн. Ошондон улам, өкмөт алдын ала чараларды көрүп, дыйкандарга жардам бериш керек. Андай чаралар өз убагында көрүлбөй, суу тартыштыгын жөнгө салбаса, күзүндө дыйкандар нааразычылыктарын билдирип, коомду чыңалууга апкелип койбойт (!) деп эч ким кепилдик бере албайт.

Манас Саматов, фермер:
-- Мейли күз, жаз болсун, дыйкандар бийликке каршы нааразычылыкка чыкпайт. Анткен менен Кыргызстанда айыл чарбасы талкаланып, жетер жерине жеткен. Эч кимдин эч нерсе менен иши жок, баардыгы дыйкандарга кайдыгер. Төрт жарым миллион айыл тургундарынын турмушу жөнүндө ойлогон жан жок. “Эмне кылып күн көрүп атат?” деген маселе менен башы ооруган бийликтин жогорку бутактарындагы чиновниктерди азыркыга чейин көрбөй келем. Айыл чарба министрлиги эмне менен алек экенин бир Кудай билбесе, биз үчүн караңгы. Шоола, жарык чачып, жүрөк жылыта турган иштерин эл байкаган жок. Ал эми учурдагы сугат суусунун тартыштыгы ар бир облус, район, айыл аймактарында бар. Буга алдын ала министрлер кабинети, андан кийинки тармактар тийешелүү чара көрүп, жок дегенде дыйкандарга натыйжалуу шарт түзүп беришсе жаман болбос эле. Алакан жайып, “кана?” деп ийин куушуруп кала берүүдөбүз.











