Бактыгүл Момбекова: “Бөбөктөрдүн дүйнөсүн байытып, руханий азык тартуулайбыз”

-- “Баластан” студиясы кандай ийгиликтерге жетти? Кыргыз тилинде тартылган мультфильмдерге кимдер колдоо көрсөттү?
-- КР президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү” программасынын алкагындагы (2021-2025) жүргүзүлгөн иштердин негизинде анимациялык “Козулар”, “Сыйкырдуу калем”, “Билгичтер”, “Жаңыл Мырза” аталышындагы мультфильмдер тартылып, эфирден балдарга сунушталды. 2024-жылы мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан бөлүнгөн каражатты дагы 4 анимациялык мультсериалдарга жумшадык. Буюрса, балдар үчүн дагы чоң базарлыктарды кызуу даярдап жатабыз. Ошондой эле быйылкы жылы УТРКнын котормо студиясы тарабынан онго жакын мультсериал кыргызчаланды.
-- Сиздин жана балдардын досу “Баластандын” жешкендиктери туурасында айтсаңыз?
-- “Бөбөк” аттуу ЮНИСЕФ менен биргелешип даярдалган көрсөтүү дагы кыргызча контенттин жаш энелерге кеңеш берүүнүн жаңыча формасын камтыды. Башкысы, Нью-Йоркто өткөн чоң сынакта баш байгени багындырып, “Алтын” номинациясына ээ болдук. Мындан тышкары, аймактарды камтыган бөбөктөрдүн өнөрүн алып чыгалы деген планыбыз бар. Ал үчүн Баткен жана Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Талас телеканалдары менен иштешип, алгачкы жумушту баштоонун алдында турабыз. Буга чейин каналдан чыгып келип токтоп калган кээ бир көрсөтүүлөр дагы жаңылап, толуктап, бөбөктөрдүн табитине ылайыктап, кайра эфирибизден орун алышына себепкер болдум. Каналды жетектеп баштаганда эле демөөрчүлөр тарабынан анимациялык материалдарды жасоочу компьютерди алып келип, ишибизди бир топ жеңилдетип алдык. Студияны эмеректер менен жаңыладык. УТРК жетекчилигин карап эле отура бербей, алдыдагы жетишпестиктерди толуктоо үчүн мекеме, ишканалар менен кызматташып, каналыбызды техникалык жактан камсыздоонун аракетин көрүүдөбүз.
-- “Баластандын” сапатын жакшыртуу үчүн кандай программалар кошулду?
-- “Баластан” каналына “Каникулда”, “Бөбөк сенин жомогуң”, “Бөбөк”, “Сыр”, “Чабандес” аттуу көрсөтүүлөр жаңыдан чыкса, алдыда “Чилистен”, “Түз суроо”, “Акыл аренасы” аталышындагы көрсөтүүлөр жаңы сезонго даярдалууда.
“Баластан” телеканалы кыргыз тилиндеги балдардын контентин даярдаган өлкөдөгү бирден-бир жалгыз канал болуп саналат. Бул саамалыкты көбөйтүүнү пландап жатабыз. Кыскасы, бөбөктөрдүн аң-сезимин өстүргөн, дүйнө таанымын кеңейткен жакшы долбоорлордун үстүндө иштөөдөбүз. Ошондой эле буга чейин каналдан даярдалып, бирок белгилүү себептерден улам эфирден кетпей калган сүймөнчүктүү берүүлөрдү дагы жандандырабыз.
-- “Баластан” телеканалынан “Мээрим” долбоору чыкпай калды го?..
-- Туура, көпчүлүк сүйүп көргөн, батасын берген “Мээрим” долбоору дагы 10 жылдык тарыхты өзүнө камтып, экранда бир топ жыл өз өмүрүн сүрдү. Аны дагы эфирге алып чыгуу көпчүлүктүн суроолору боюнча планда турат.
-- “Улактар” жомогу көрүүчүлөр тарабынан кандай кабыл алынды?
-- Абдан жакшы. Бир айда бир миллиондон ашык көрүүчү топтоду. Албетте, бул болуп жаткан ийгиликтерди жалгыз мен ишке ашыра албайм. Артында “Баластан” деген чоң коллективдин, кесипкөй уул-кыздардын, кесиптештеримдин жана Болотбек Кочкорович башында турган УТРК деген чоң жетекчиликтин колдоосу, сүрөөсү астында ишке ашырылды. Буюрса, биргеликте, ынтымакта дагы да көптөгөн ийгиликтерди багындырып, балдар дүйнөсүн байыта турган, эл руханий азык ала турган берүүлөр чыгат.
"Азия Ньюс" гезити