Дагы 66 адамдан коронавирус табылып, 3 бейтап каза болду

25-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 66 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 27, Чүй облусунан – 24, Ош облусунан – 6, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 6, Баткен облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 091 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 68 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 006 жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 19, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 24, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 5, Баткен облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек – 2, Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1463кө жеткен.