Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элмурза Сатыбалдиев: “КМУУнун юрфагына аскер бөлүгүнүн жолдомосу менен конкурссуз өткөм”

Элмурза Сатыбалдиев: “КМУУнун юрфагына аскер бөлүгүнүн жолдомосу менен конкурссуз өткөм”

06-март, 12:16
8 124 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Элмурза Ракиевич, аскерде кызмат өтөдүңүз беле?

-- Ооба. Чехословакияда мотоаткычтар бөлүгүндө кызмат өтөгөм. Эки жыл толук кызмат кылып, старшина наамына чейин жеткем. Үлгүлүү кызмат кылгам деп айта алам. Ал кезде аскерде жакшы кызмат өтөсөң, ошол аскер бөлүгүнүн жолдомосу менен жогорку окуу жайга конкурссуз кабыл алчу. Мен да КМУУнун юридикалык факультетине аскер бөлүгүнүн жолдомосу менен конкурссуз өткөм. Андыктан, мен аскер кызматын өтөгөнүмө сыймыктанам. Бизди жаш кезибизден “мектепте жакшы окусаң, аскерде жакшы кызмат өтөсөң, келечегиң да жакшы  болот” деп үйрөтүшкөн. Чындап эле аскер кызматы мага чоң пайда берди. Мына бүгүн генералмын, депутатмын.

-- Азыр бизде “күч түзүмдөрүндө иштегиси келгендер сөзсүз аскерде кызмат кылышы керек” деген талап бар. Бирок, бир ай кызмат кылса деле жетиштүү. Кандай дейсиз, ушул туурабы?

-- Өзү эки жыл толук кызмат кылсын деген мурдагы союздун талабы эле туура болчу. “Укук коргоо органдарына кириш үчүн сөзсүз аскерде кызмат өтүш керек” дегенге кошулам. Бирок, кыска мөөнөттүү аскердик даярдыктан өткөндү деле туура эмес дей албайм.

-- Эл арасында “чоңдордун, депутаттардын балдары аскерге барбайт” деген сын пикирлер айтылып жүрөт. Сиздин балдарыңыз аскерде кызмат өтөштүбү?

-- Эки балам тең бир жылдык кызмат өтөшкөн. Алар да укук коргоо тармагында иштешет. Кенже уулум он алтыдан он жетиге кетти. Ал да барабы-барбайбы, балам үчүн жооп бере албайм. Бирок, бардырганга аракет кылам. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер