Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Өлкөдө акы төлөп жүрүүчү жолдордун курулушу башталды”

Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Өлкөдө акы төлөп жүрүүчү жолдордун курулушу башталды”

27-июнь, 22:18
653 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улугбек Зулпукарович, Төө-Ашууга альтернатива катары Бишкек–Суусамыр айланма жолун куруу боюнча долбоор сунушталууда. Сиздин оюңузча, ал долбоордун келечеги кандай?

-- Өзүңүздөр билгендей, азыр Кыргызстанда акы төлөп жүрүүчү жолдордун курулушу башталды. Биринчиси бул – Өзгөн шаарын айланып өткөн жол. Ошондуктан, мамлекет эмес, жеке инвесторлор тарабынан каржыланчу ар кандай долбоорлор сунушталууда. 

-- Анда бул жол сиздин оюңузча, акы төлөнчү жол болушу керекпи?

-- Сөзсүз. Мамлекет негизги жолдорду карашы шарт, калган жолдорду инвесторлорго берип, алар өз каражатына салганы туура болот. 

-- Түндүк-түштүк альтернативалык жолу эчак эле бүтүп, ишке кириши керек эле. Анын кечеңдешинин себеби эмнеде? Тоннелден уламбы?

-- Тоннель бүткөн. Себеп тоннелде деле эмес. Чычканда көчкүдөн сактачу атайын галерея салынбадыбы. Альтернативалык жолдо ошол жагы толук каралбай калган. Азыр көчкүлөрдүн алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер