Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мадамин Каратаев: “Коронавирустун экинчи толкуну болору же болбосу белгисиз”

Мадамин Каратаев: “Коронавирустун экинчи толкуну болору же болбосу белгисиз”

14-август, 12:28
1 295 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөнү каптаган аты жаман коронавирус илдети Кыргызстанда мизи кайтып келаткандай. Бул боюнча саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев чакан маегибизде билдирүү кылды. Пикке жеткенин жана “эгер экинчи толкуну келе турган болсо, ага даярдыгыбыз бар” деп кошумчалады.

-- Мадамин мырза, бүгүнкү күндө министр Сабиржан Абдикаримов менен орун басар Нурболот Үсөнбаев мырзалардын абалы кандай?

-- Сабиржан Токтосунович менен Нурболот Төлөшович биздин эле республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып, айыгып жумушка чыгышты. Абалдары жакшы. Эч кандай чет өлкөсү жок эле Бишкекте болушту.

-- Кыргызстанда коронавирус илдети пикке чыктыбы?

-- Ооба, аны көрүп атабыз. Июль айынын үчүнчү жумасы абдан катаалдашып, мына ушул учурда пикке чыккандай болду, жаман илдет элибизден аз-аздан кетип, мизи кайткансыды.

-- Бул илдет Кыргызстанга кай жактан келди жана изилдөөлөр кандай тыянак чыгарууда?

-- SARS CoV-2 коронавирустук жаңы инфекциянын келип чыгышын изилдөө максатында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги Россия Федерациясынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адам бакубаттуулугун көзөмөлдөө федералдык кызматынын "Вектор" вирусология жана биотехнология мамлекеттик илимий борборунун коронавирустук инфекциялык ооруларына мониторинг жүргүзүү боюнча референс-борборуна республиканын ар түрдүү лабораторияларынан чогултулган лабораториялык жактан тастыкталган биоматериалдын 20 үлгүсүн жөнөтүү маселесин көтөрүп чыкканбыз.

Борбордо SARS CoV-2 изоляттарын генотиптөө жана культивациялоонун натыйжалары боюнча баардык 20 үлгүдөн жогорку цитопатогендик таасирге ээ үч үлгү бөлүнүп алынган. SARS CoV-2 жаңы коронавирустун изоляттарынын нуклеотиддик ырааттуулугунун негизинде алынган филогенетикалык дарак изоляттардын ар түрдүү филогенетикалык бутактарга таандык экендигин жана  алардын тыштан алынып келингенин, ошол эле учурда кийинки эволюциясын көрсөтөт. Изилдөөнүн натыйжалары эң жакын нуклеотиддердин тизилиши төмөнкү өлкөлөрдө табылганын көрсөткөн: биринчиси, Швеция, Россия. Экинчиси, АКШ, БАЭ. Үчүнчүсү, Оман өлкөлөрүнөн келген. Бул үч үлгү Россиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адам бакубаттуулугун көзөмөлдөө федералдык кызматынын "Вектор" вирусология жана биотехнология боюнча мамлекеттик илимий борборунун жалпы коллекциясында сакталмакчы. Жогоруда айтылган илимий изилдөө ушул жылдын май айында алынган үлгүлөр менен жүргүзүлгөн. Б.а. туруктуу мезгилде, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагында чектөөчү чараларды жана карантинди киргизүү учурунда алынган үлгүлөр. Учурда биздин саламаттык сактоо министрлиги ушул жылдын июль-август айларында, эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашып жаткан мезгилинде толук геномду андан ары изилдөө жана кайрадан тестирлөөдөн өткөрүү үчүн ДССУнун Германиядагы референс-лабораториясына 100 үлгүнү жөнөтүүнү пландаштырууда. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан биргелешкен SARS CoV-2 жаңы коронавирустук инфекциянын толук геномун изилдөө чектөөлөр мезгилинде (2020-жылдын май айы) жана эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашкан мезгилинде (2020-жылдын июль-августу) алынган маалыматтар менен салыштыруу максатында жүргүзүлүүдө.

-- Аты жаман илдеттин экинчи толкуну тууралуу да айта кетесизби?

-- Экинчи толкуну болобу же болбойбу, аны айтыш кыйын. Себеби, штамп ар түрдүү болуп атат. Ошол эле Кытай, АКШ, Россия бул илдеттин штампын таппай атышат. Кандай болгон күндө Кыргызстан биз экинчи толкунуна болушунча даярбыз. Бир аз тажрыйба болуп калды. Баардык жагдайды көзмөлдөн чыгарбайбыз.

-- Жакында эле кыйчалыш учурда иштеп, илдетке кабылып, анализи “положительный” чыккан медперсоналдарга компенсация төлөө тууралуу токтом чыкты. Ал эми ушул эле илдет менен ооруп, бирок анализи “отрицательный” чыккандар эмне болот?

-- Азыр токтом боюнча КОВИД-19 “положительный” деп чыккандарга компенсация төлөмдөрү каралган. 17-июлдан баштап COVID-19 U07 жана COVID-19 U07.2 бириктирдик. Мындай учурда токтомго өзгөртүү киргизип, юридикалык жагын карашыбыз керек. Азыр чындап эле жумуш учурунда коронавирус илдетине кабылып, ПЦР анализи “положительный” чыккандар арасында изилдөөлөрдү баштадык. Кийин тиги жагын да карайбыз. Токтомдорду тартипке келтириш керек. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер