Акыркы кабарлар
» Саясат » “Ата Журт Кыргызстанга” Бакыт Төрөбаев лидер болсо жарашмак. Себеби...
“Ата Журт Кыргызстанга” Бакыт Төрөбаев лидер болсо жарашмак. Себеби...
18-ноябрь, 19:16
1 507 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Шайлоонун үгүт иштерине карай партиялар, талапкерлер талданып, бир кылка баа берүүгө жарап калат эмеспи. Азырынча башкаларын кеп кылбасак да, алдыга озуп бараткан “Ата Журт Кыргызстан” боюнча эки ооз калыс сөз айталы. Маселен, бул партиянын лидери ким экени коомчулукка анча белгисиз. Үгүт иштеринен да жалпы элге тааныла албады. Мынча пассивдүү болуп аткан соң, Бакыт Төрөбаевди “Ата Журт Кыргызстанга” лидер кылып, эки тизгин, бир чылбырды карматышса жарашмак. Эмне үчүн? Себеби, Бакыт Эргешович ансыз да партияны көркүнө чыгарып, жөнөкөй талапкер эмес, баштоочу катары бакыйып көрүнүүдө. Дал ушул жагын эске алып коюу эп эй!
"Азия Ньюс" гезити