Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Омикрон" штаммынан биринчи бейтап каза болду

"Омикрон" штаммынан биринчи бейтап каза болду

14-декабрь, 11:31
1 535 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Британияда коронавирустун "омикрон" штаммынан биринчи бейтап көз жумду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү премьер-министр Борис Жонсон билдирди. Өкмөт башчы сөз болгон вариантка чалдыккан бир нече киши ооруканада жатканын тастыктады. Бардыгы болуп Британияда "омикронду" бир миңден көп киши жугузуп алган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алдын ала маалыматтарга таянып, биринчи болуп Түштүк Африкада катталган жаңы штамм башкаларга караганда тез жайыларын, колдогу вакциналар андан жетиштүү коргобой турганын билдирген. Ошол эле маалда бул вариант жеңил өтөрү аныкталган.

Жонсон жаңы жылга чейин чоң кишилерди үчүнчү доза сайдырууга чакырган. Премьердин айтымында, бул штаммдын көп сандагы өлүмгө алып келбей турганы болжолдонгону менен, тез жайылышы ооруканаларга күч келтириши ыктымал.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер