Акыркы кабарлар
» Саясат » Салымбеков “саала” берип, бул бийликти көргүсү жокпу?
Салымбеков “саала” берип, бул бийликти көргүсү жокпу?
11-ноябрь, 12:40
900 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкек шаардык кеңешине Аскар Салымбековдун “Эмгек” партиясы да аттанды. Ал жакын санаалаштарына аргасыздан эле жогору жактын көрсөтмөсү менен чыкканын айтып, наалып жүргөнү каңкууланды. Ошого катар улам “куса” берип, көңүлү көкташтай калгандай. Таза ишкерлик кылса, шаардагы жерлерди “жең ичинен” ээлеп албаса, “кайырмакка илинмек” эмес да, туурабы? Сыртынан бийликти колдомуш этип, марттык кылгандай түр көрсөткөнү менен ичинен сөгүп, жакындарына арызданып, заманасы куурулуп баратабы? Бул боюнча төбөлдөр байкоо салып коюшу керек. Кырдаалга жараша Аскар Салымбеков “ойноп кетип”, оппоненттерге демөөрчүлүк кылып жибербейби?..
"Азия Ньюс" гезити