Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мамлекеттеги орчундуу маселелерди ачык талкуулай алышпаса, анда парламенттин эмне кереги бар?

“Мамлекеттеги орчундуу маселелерди ачык талкуулай алышпаса, анда парламенттин эмне кереги бар?

14-июнь, 22:48
497 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Парламенттик шайлоо күздө же жазда өтөрү божомолдонуп, депутаттар аймактарга көп каттай баштады. 30 округдан шайланып келе турган эл өкүлдөрүнөн билимдүүлөрдү, жаңы жүздөрдү көрө алабызбы? 

Чыныбек Ажыбеков, мугалим:  

-- Алдын ала айтуу кыйындай сезилүүдө. Мен баамдагандан, мурдагы эл өкүлдөрү болгондор аймактарда эл менен аралашып, аракет жасап жатышат. Жаңы жүздөр албетте чыгат. Маселе элибиздин тандоосунда да. Билимдүү, принципиалдуу, мыйзам эмне экенин түшүнүп, аны иштеп чыгууга жөндөмдүү талапкерлерге көңүл буруп, шайлап берсе деген тилектемин.

Жолдош Турдубаев, серепчи:                

-- Эл болгондон кийин татыктуу талапкерлер чыкпай койбойт. Алардын мандат алышы шайлоочулардын тандоо дараметинде жана аткаруу бийлигинин билимдүү, чыныгы намыстуу (куру дымактуу же популист эмес) депутаттар келишине канчалык кызыкдар экендигине жараша каралаттыр...

Эл арасында “аткаруу бийлигинин ишине эч ким сын айтпашы керек” деп эсептегендер бар. Бул катмар калыңдап бараткансыйт. Бирок коомдогу, мамлекеттеги орчундуу маселелерди ачык талкууга коюп, иштиктүү сунуштарды бере албаса, анда парламенттин кандай кереги бар?

Парламент – улуттук аң-сезимдин, акыл-эстин, ар-намыстын күзгүсү. Эгер Жогорку Кеңештин деңгээли бийик же төмөн болуп калса, демек, биздин активдүү катмардын орточо ай-кюсу (IQ – интеллектуалдык коэффициенти, б.а., акыл-эстүүлүк даражасы) ошол абалда экенин көрүшүбүз керек...     


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер