Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Мамажакыпова: “Биздин мамлекетте мыйзам жок, миңдеген адамдар шылуундардын торуна чалынышат”

Чынара Мамажакыпова: “Биздин мамлекетте мыйзам жок, миңдеген адамдар шылуундардын торуна чалынышат”

06-декабрь, 19:30
416 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Аярзат” коомдук бирикмесинин төрайымы менен маек.

-- Чынара, учурда эл түрдүү шылуундардын, кооперативдердин торуна чалынып, алданып, азап тартып жатышканын, алардын торуна өзүң да чалынып калганыңды айтып чыктың...

-- Өлкөбүздө дүйнө жүзүндөгү шылуундардын схемалары иштеп жатат. Мен буга өзүм күбөмүн. Депутаттарды, министрлерди да алдаган учурлар кездешет. Алдамчылык – бул өтө опурталдуу көрүнүш. Бир ай, эки ай эмес, жылдап артыңдан түшүп жүрүп торго чалышат. Учурда бул системада кыргызстандыктардын 30%ы иштеп жатат десем жаңылышпайм. Бул өтө кооптуу көрүнүш. Мисалы: "Hermes", “Live is Good", "Best Wey "компаниясы. "Инвестордун счёту", “кооператив” деп адамды ар кандай жолдор менен ишендириштин жолун табышат экен. Булардын жетекчилери кармалбайт, камалбайт дагы. Камалса да акча менен бошонуп кетүү алар үчүн абдан оңой. Мен азыр өзүм ушундай көрүнүшкө туш болуп, өкүнүп турган чагым. Муну жалпы коомчулукка алып чыгып, акырына чейин иштөөнү туура көрүп турам.

Булар махинация кылабы, айтор, алдоо жолун табышат. Бул анык алдамчылык. ИИМ кызматкерлерине “эмнеге мындайды тыйбайсыңар?” десем, “бизде мындай шылуундарга атайын мыйзам жок деп жооп беришти. Алдамчылардын негизгилери эркиндикте жүрүшөт. Бул маселе акыркы 5-10 жылда аябай актуалдуу болуп, тилекке каршы, биздин мамлекетте мыйзамдын иштебегендигине байланыштуу миңдеген адамдар "инвестициялык счеткооператив түздүм, “кооператив ачтым” деген шылуундарга алданып жатышат. Тез аранын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени терең талдап, тийешелүү мыйзамдарды кабыл алышы керек. Сөзсүз маалымат каражаттары тарабынан дагы карапайым калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарыл. Себеби биздин өлкөгө дүйнө жүзүндөгү шылуундардын схемаларын алып келип, элди алдап иштеп жүргөн топтор көп. Эл арасында “кээ бир кооперативдердин жетекчилеринин бир туугандары башкы прокуратурада жогорку посттордо отурат деген кептер айтылып жүрөт. Бирок, мен бул маселени колго алып, акырына чейин изилдөөгө белсендим. Алдыда дагы айта турган сөздөр арбынБул иштерди аягына чыгарбасам жаным жай албайт… Кайдыгер болбоңуздар! 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер