Зулушев прокуратураны талкалап кетсе, Асаналиевдин андан айырмасы жок беле?
СССР учурунда, андан кийинки деле эгемендүү өлкөбүздүн убагында прокуратуранын таасири чоң эле. Мыйзамды көзөмөлдөөчү орган катары бүтүндөй мамлекеттик бийлик бутактарына сес көрсөтүп, камырдан кыл сууругандай аракетин байкачубуз. Коррупцияга, паракорчулукка каршы күрөшүүдө из салчу. Жалпак тил менен айтканда, президенттен кийинки аткаминерлердин баары башкы прокурордон айбыгышып, ийилип турушчу эле. Себеби, мыйзам иштечү. А азыркы прокуратурачы, тарпы чыкты го?..
Вице-мэр Рамиз Алиевден 5 миң доллар талап кылышкан Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу менен шаардык прокурордун бөлүм башчысы Абдырашид Жаманкеев УКМК тарабынан кармалышты. Мыйзамды тескөөчү органдын жетекчилери мындай ишке барып жатышканы эмнеден кабар берет? Өтө осолдук болду. Аныгында УКМКны көзөмөлдөй турган прокурорлор өздөрү кылтакка илинишип, белгилүү бир деңгээлде хаостук кырдаал жаралдыбы? Дээрлик кадыры түшүп, ишеним кеткени өкүнүчтүү. Эске салсак, мекемени Курманкул Зулушев алсыратып, тергөөнү тарттырып ийип, сөңгөк бутак сыңарындай образ жаратып кеткени эсибизде. Андан кийинки башкы прокурор Максат Асаналиев жарым жылдай убакыттан бери өзүн көрсөтө албай, “эски арыктын нугунда калып”, болгону кадрларды алмаштыруу менен гана алек. Иштин натыйжасын көрсөтүүдөн, мыйзамды көзөмөлдөөдөн аксап, дээрлик реформадан куржалак калганын кантебиз? Курманкул Зулушев системаны талкалап кетсе, Максат Асаналиевдин андан эч кандай айырмасы жокпу? “Аңгектен качсаң дөңгөккө” дегендей эле болду. Натыйжада, жогорку жетекчилик прокуратураны баштагы мыйзамдуу таасирине алып келеби? Же убакыттын өтүшүнө карай УКМКнын башкармалыгына айланабы? Бул суроолорго чыныгы профессионалдар баш катырышып, убайым чегишкени да жашыруун эмес.
"Азия Ньюс" гезити