Акыркы кабарлар
» Коом » Чыныгы абал апрелде даана билинет
Чыныгы абал апрелде даана билинет
25-март, 13:51
569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн коменданттык саат киргизилди. Бүтпөгөн тирилик жумуштары үчүн айрымдар нааразы. Бирок, Италиядагы курч абалдан сабак алышыбыз керек. Социалдык баракчаларда да замандаштарыбыз тынбай чакырыктарды жасап турган учур. Алардын бири Элдар Абакиров төмөндөгүлөргө токтолгон:
“Бул вирус 14 күнгө чейин өзүн билдиртпейт, симптомдор байкалбайт экен. Ошондуктан Кыргызстандагы чыныгы оору боюнча абал апрелде билинет. Ооруп жүргөндөр өздөрү билбей башкаларга вирус жуктурушу мүмкүн. Сабыр кылып, эки жума үйдө отуралы, ошондо бул абалдан тез чыгабыз”.