Акыркы кабарлар
» Коом » Көп кыргызстандык Россиядан кайтып жатканы маалымдалды
Көп кыргызстандык Россиядан кайтып жатканы маалымдалды
30-март, 11:53

Россиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар арасында кайра мекенине кайтып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн кайрылып жаткандар көп болууда. Бул тууралуу 29-мартта “Азаттыктын” эфиринде жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Улукбек Шүкүрбеков маалымдады.
Бирок, Шүкүрбеков билдиргендей, жарандык маселеси боюнча мыйзамдын 6-беренесинде “башка жарандык” деген түшүнүк бар жана эгер жарандыгын берген башка өлкө мекениндеги каттоодон баш тартууну талап кылбаса кыргызстандыктар өз өлкөсүнүн да жараны болуп эсептеле берет.
Анын айтымында, мисалы, Германия жарандыгын өз өлкөсүнүн жарандыгынан расмий түрдө баш тартып, каттоодон чыккандарга гана берет. Ал эми Россия андай талап койбогон өлкө, андыктан, анын жарандыгын алгандар кыргыз жарандыгынан сөзсүз чыгуусу зарыл эмес.