Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Мурдагы күйөөмдүн кыйналып жүргөнүн түшүмдөн көрөм
Мурдагы күйөөмдүн кыйналып жүргөнүн түшүмдөн көрөм
02-декабрь, 20:31
811 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Менде бир суроо болуп жатат: түшүмө бир адам күндө дебесем да күн алыс кире берет. “Түшүңө эмне болуп кирет?” деген суроолор болушу мүмкүн. Ал адам биринчи турмушум болчу, ажырашканыбызга 5-6 жыл болгондо экинчи турмушка чыктым, ошол күндөн баштап түшүмө кирет. Түшүмдө аябай жандүйнөсү кыйналып турганын сезем, бирок өңүмдө чалып, “кандайсың, жашоо жакшыбы?” десем, менин ичим күйгүдөй кылып, “баары соонун, жашоомо ыраазымын, бактылуумун” дейт. Ал да менден кийин турмуш курду. Же бул түш да адамдын ойлогон оюна байланыштуу болобу? Мени ушул түшүм аябай кызыктырчу болду.
Айдай