Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кумтөр, Жерүй кендерин үзүрлүү иштетип, экономикабызга пайда келтирели”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кумтөр, Жерүй кендерин үзүрлүү иштетип, экономикабызга пайда келтирели”

10-январь, 09:00
3 177 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир тармактын өзүнчө бир баалуу жана саналуу адистери болот. Ал адистердин ар бир сөзү, сунушу баа жеткис байлыкка тете. Тоо-кен тармагындагы мындай билимдүү, мыкты адис катары Дүйшөнбек Камчыбеков агайды белгилеп айтсак жарашат. Убагында Москвадан билим алып, кадидаттык, докторлук диссертациясын жактап, кен тармагындагы кандай суроо, көйгөй жаралбасын, ийне-жибине чейин чечмелеп айтып берген агайдан азыркы кен боюнча чоң-чоң ишканалардын жетечилери сабак алып, ар бир сунуш-пикирин баалап алса керек. Жаңы жылды утурлай тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасына кызыккан суроолорубузду узаттык.


-- Агай, жыл бою кен тармагындагы дасыккан адис катары көп кызыктуу, бай маалыматтарды, сунуштарды айтып, көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун сунуштап, окурмандар менен тыгыз байланышта болдуңуз. Журналист катары мага да, окурмандарга дагы кызык болсо керек. Тоо-кен тармагына кызыгуу кайдан жаралган, канча жылыңыз бул тармакка арналды?

-- Кыргыз тоо-кенчилер ассоцициасынын атынан жаңыдан босогобузду аттаган 2024-жаңы жылыбыз менен жалпы жамаатыңыздарды куттуктайм! Жаңы жыл жакшы ийгиликтерди жараткан жылдардан болсун! Сиздердин гезит – окурмандарга көп кызыктуу маалымат берген, көйгөйлүү маселелерди көтөргөн элдик гезит. Сиздер менен кен тармагындагы көп көйгөй, жетишкендик, сунуштар менен ой бөлүшүп, иштешип жатканыма кубанычтамын. Кирип келген жаңы жылыбызда дагы маалымат берип турсак деген тилектер бар. 

Бул тармакка кызыгуу пайда болуп калганынын себеби, мен Миң-Куш жергесинде төрөлүп, ошол мезгилде биздин атабыз Миң-Куштун көмүр өндүргөн, көмүр аркылуу шахтыны иштеткен, 13 жыл жер астында эмгек өтөгөн адам болгон. Бала кезимде атамдан кен тууралуу көп угуп, ошол эле мезгилде биздин поселоктун жанындагы иштеп жаткан шахтёрлордун иштерин, кийген кийимдерин көрүп, атабыздын айткан сөздөрүнө кызыгуу менен мен дагы тоо-кен тармагында иштеген адам болуу максатын койгом. Ошол тилегимдин негизинде Москвадан (университе́т Дру́жбы наро́дов имени Патриса Лумумбы) окуу жайын аяктап, тоо-кен тармагы боюнча адис инженер болуп чыктым. 

Тоо-кен тармагында ИПКОН (институт проблем комплексного освоения недр ) кандидаттыгымды жактадым. Кандидаттыгым Кызыл-Кыя боюнча болду. Ал кезде, союз учурунда Кызыл-Кыя кенинин тереңдиги 700 метр эле. 700 метр тереңдикке чейин түшүп, ошол жерден өзүмдүн илимге байланыштуу жумуштарымды аткарып, ошонун негизинде Москвадан кандидаттыгымды жактагам.

Бизде илимдер академиясында ошол кезде институт физики и механики горных пород деген мекеме бар болчу. Ошол институтта эмгектенип калдым. Эки жылдай иштегенден кийин “жаңы түзүлгөн өнөр жай министрлигине тоо-кен тармагы боюнча адис керек” деп чакырышты, анан ошол жакка барып иштеп, мындайча айтканда, өнөр жай министрлигинен тартып тоо-кен тармагында аткарып жаткан жумуштарым күч алып, кызыгуу пайда болуп, иштеп калдым. Бизде тоо-кен тармагында алдыңкы катарда турган бир топ мекемелер бар болчу. Мисалы, “Кыргызалтын” өндүрүштүк бирикмеси. Ал дагы биздин өнөр жай министрлигинин карамагында болуп, алар менен да иштешип келдик. Ошол кезде Макмал комбинаты аябай жакшы иштеп турган учуру эле. Андан сырткары, Кадамжайдагы сурьма чыгарган комбинат, Сары-Жазда ГОК бар болчу. Ошол ГОКту аягына чейин бүтүрүп, ишке киргизүү аракети эсимде. Союз учурунда ал комбинаттын 89%ы даяр болуп, бүтүп калган. СССР дагы бир жыл тарабай турганда, Сары-Жаздагы калай, ага кошумча вольфрам чыгара турган комбинат ишке кирмек. Тилекке каршы, союз тарап кетип, каражат жактан мүмкүнчүлүктөр болбой, бул комбинат токтоп калган. 

Түштүк жергесинде жайгашкан Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак шахталары бар эле. Кызыл-Кыядагы шахта ошолордун баарын бириктирип, көмүр өндүрүүчү өзүнчө башкармалык болуп түзүлгөн. Алар менен түздөн-түз иштешип калдык. Андан сырткары, “Кыргызнефтегаз” мекемеси ошол кезде эле бар эле. “Кыргызстанга нефтини кайра иштетүүчү завод курушубуз керек” деп Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетип чыгаруучу заводдун курулушу ошол мезгилде аткарылды. Түздөн-түз биз жетектеген министрлик менен ошол жумуштарды жасадык. Ошол жылдары илим жагын дагы кошо ала жүрдүм. Кыргызстандан докторлук диссертациямды жактап, инженердик академиянын академиги, Россиянын тоо-кен академиясынын мүчөсү болдум.

-- Дагы бир жылды узаттык. Тоо-кен тармагы боюнча айтсаңыз, ийгиликтерди жарата алдыкпы?

-- Тоо-кен тармагы үчүн өткөн жылыбыз жакшы жылдардан болду. Барган сайын тоо-кен тармагында бюджетке түшкөн каражаттардын саны өсүүдө. Бул боюнча мурда дагы цифраларды белгилеп айтып келгем. 2022-жылы 2021-жылга салыштырмалуу эки жарым эсе көп каражат түштү. Башкача айтканда, 48 миллиард сомдой жалпы тоо-кен тармагынан бюджетке түштү. Бул дагы чоң көрсөткүч. Алдыда дагы алтын өндүргөн мекемелер жакшы көрсөткүчтөргө жетишсе керек. Андан сырткары, көмүр өндүргөн мекемелер 11 айдын жыйынтыгы менен эле 2,7 миллион тонна көмүр казып алды. Союз тараган учурда биз жалпы Кыргызстан боюнча 200 миң тоннадай эле көмүр өндүрүп калган учурларыбыз болгон. Демек, жылдан жылга өсүштөр орун алууда. Бул жагынан да биздин ассоциация өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп келебиз. Биздин ассоциация Кумтөр, "Кыргызалтын", "Кыргызкөмүр" , "Кыргызнефтегаз" ж.б. менчик компаниялар менен түздөн-түз иштешебиз. Өз алдыбызча план түзүп, алардын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүн, жаңы жылга коюлган иш пландарын карап чыгабыз. Сунуштарды, рекомендацияларды жазып, өкмөткө, парламентке, министрликтерге жөнөтөбүз. Сунуштарыбыз ошол компаниялардын ишин алгалатууга, экономикабызга кошулган салымды жогорулатууга жардам иретинде берилет. 

-- “Тоо-кен тармагы – экономикабыздын локомотиви” деп, келечектеги өнүгүүлөр, кирешелер тууралуу ой бөлүшүп келесиз. Мамлекет башчыларынын, өкмөттүн да көңүл буруусу байкала баштады. Жакынкы аралыктагы күтүлгөн жылыштар боюнча айтсаңыз?

-- Тоо-кен тармагына биздин министрлер кабинети, президентибиз баш болуп түздөн-түз көзөмөл жүргүзүп келишүүдө. Мисалы, ошол таризде “Кыргызкөмүр” ишканасына ондогон жаңы техникаларды, погрузчиктерди бюджеттин эсебинен алып берип жатышат. 

Мыйзам талаасында ошол эле Жогорку Кеңеш, министрлер кабинети тарабынан көптөгөн маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүшүүдө. Анын ичинде мамлекеттик ишканаларга конкурстар, аукциондор уюштурулуп, лицензиялар берилип келген болсо, бүгүнкү күндө 100% министрлер кабинетинин чечими менен аукциону жок лицензиялар берилүүдө. Мындай лицензиялар "Кыргызалтын", Кумтөр ишканаларына берилди. Андан сырткары, министрлер кабинети тарабынан мурунку берилген лицензияларга келсек, мекемелер тарабынан мамлекеттин үлүшү да каралган. “Жок дегенде 30%дан кем эмес мамлекеттин үлүшү болушу керек” деген чечимдер кабыл алынып, иш аракеттер жүрүп жатат.

Биз кандайдыр бир ой-пикир, сунуштарыбызды жылдын башынан аягына чейин айтып келдик. Бүгүнкү күндө тоо-кен тармагы мындан дагы жакшы иштеши үчүн сөзсүз түрдө ушул тармакты башкарган, ишин алып кете турган өзүнчө бир мекеме болсо (!) деп айтып келгенбиз. Геология, тоо-кен тармагы бир эле мезгилде экология менен бир мекемеде отурганы туура эмес да. Себеби, биз бир мекеменин ичинен лицензия берип, “иштет” деп жатсак, экинчи жагынан экология маселелерине байланыштуу кайчы пикирлер пайда болууда. Ошон үчүн ар бир мекеме өз ишмердүүлүгүн мыйзам талаасында өзүнчө аткарса...

-- Мыйзамда өзгөрүүлөр болобу?

-- Мыйзам талаасында Жер казынасы мыйзамы иштеп келген болсо, Жер кодекси, Токой, Суу кодекстери бар. Жер казынасынын мыйзамы алардан төмөн болуп калганына байланыштуу, биз анын статусун Жер мыйзамынын кодекси (!) деген деңгээлге көтөрүп, тоо-кен тармагында ишмердүүлүктү аткарсак туура болмок. Бүгүнкү күндө ушул илим менен геологиянын биримдиги бекемделип, үзүрлүү байланыштар уланса. Себеби, союз учурунда бул тармактар айкалышып иш жүргүзүп келишкен. Бирок кийинки мезгилде бул маселе солгундап кетти. Биздин сунушубуз – Кумтөр, Жерүй кендерин дагы үзүрлүү иштетип, экономикабызга пайда келтирүү. “Жалпы эле Кыргызстанда жайгашкан кендерден социалдык пакет түрүндө жергиликтүү коомчулукка кандай пайда тийгизсе болот?” деген сунуш-пикирлерибиз бар. 

-- Ассоциация кандай иштерди аткарат?

-- Ассоциация аркалаган иштер боюнча жогоруда да белгилеп айтып кеттим. Жыл жыйынтыгы боюнча бир чоң китепче чыгарабыз. Ал китепченин ичинде биздин сунуштар, пикирлерибиз, Кумтөр кени "Кыргызалтын", "Кыргызкөмүр" ж.б. компаниялардын ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн материалдарды чыгарабыз. Китепти министрлер кабинетине, Жогорку Кеңешке, тийешелүү министрликтерге, окумуштууларга, адистерге да таратып беребиз.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер