Дүйшөн Камчыбеков: “Кумтөрдө оор кырдаал түзүлүп калса да, өзүбүз чечкенге, ишти алып кеткенге даярбыз”


Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы менен маек.
-- Кумтөр боюнча өз алдыбызча иш алып барып жаткан кезибиз. Кыйынчылыктар болгон жокпу? Айрым участокторундагы жаракаттар тууралуу да кептер болууда го?
-- Бүгүнкү күндөгү иш аракеттер тууралуу сөз козгосок, Кумтөрдө май айларынын башында жарака пайда болду. Бул боюнча маселе көтөрүлүп, ошонун негизинде иштер жүргүзүлүүдө. Ал жыйырманчы кен казып алуу участогунун жанында болгон. Ошого байланыштуу техникаларды, ал жерде иштеп жаткан адамдарды коопсуз жайларга алып чыгышкан. Бул чындыгында туура жасалган чечим. Андай иш-чара ал учурда шарттуу түрдө тез арада жасалбаса, мүмкүн деформация болгон жер жалпы жылып кетип, адамдардын өмүрүнө коркунуч туулмак. Анткени ушундай көрүнүш 2002-жылы да болуп, ал жерден адам өмүрүнө залакасы тийген учуру болгон.
Кумтөр долбоорунда иштеп жаткан такшалган адистер бар. Алар “17,500 тона алтын алабыз” деп, быйылкы планды толтуруу иш аракеттеринин үстүндө иштеп жатышат. Ал жакта 21-иш зонасы деген да жери бар. А жерде чатыр жасай турган иштери тездетилүүдө. Андан сырткары “түштүк батыш” деген зона бар. Аякта да алтын өндүрүү боюнча иштерди жасап жатышат. “Сары-Төр” деген участок 2026-жылы ишке кирмек, бирок 20-зонадагы иш аракеттер токтоп калганына байланыштуу “Сары-Төрдү” дагы эртерээк ишке киргизгенге аракеттерин көрүп жатышат.
Биздин дагы өзүбүздүн кошумча айта турган сунуштарыбыз бар эле. Өз оюбузду бөлүшүп, чогуу аракет жасасак деп, алар менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн үстүндөбүз. “Авария болду, токтоп калды” деп коркпой, анын үстүндө иштей турган программаларды жазып, иш-чараларды жасашыбыз зарыл. Бүгүнкү күндө Кумтөрдүн жетекчилиги дагы биздин бирикмеден башка адистерди жардамга чакырып, керектүү сунуштарды алып жатышат. Сунуштар алынгандан кийин бир жыйынтыкка келип, кандай оор кырдаал түзүлүп калган күндө дагы өзүбүз чечкенге, ишти алып кеткенге даярбыз деген пикирдемин.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











