Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арслан Койчиев, Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары: “Түрк инвестициялык фондун бизге жайгаштыруу боюнча президент Жапаров тарабынан маселе көтөрүлдү”

Арслан Койчиев, Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары: “Түрк инвестициялык фондун бизге жайгаштыруу боюнча президент Жапаров тарабынан маселе көтөрүлдү”

07-июль, 16:12
290 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Арслан мырза, жаңы кызмат ордуңуз кут болсун! Бул кызматта өзүңүздүн негизги милдетиңизди эмнеден көрөсүз?

-- Түрк тилдүү мамлекеттер уюму – бул бир нече өлкөлөрдүн башын бириктиген, алардын интеграциясына, жакындашуусуна багытталгандан кийин, мен өзүмдүн негизги милдетимди ошол мүдөөгө кызмат кылуудан көрөм. Учурда биздин уюм экономикалык кызматташууга өзгөчө басым жасап жатат. Маселен, жакында эле бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын жетекчилеринин, айыл чарба министрлеринин биринчи жолугушуусу болду. Биз ошолордун баарына байкоо салып турабыз. Ушул күндөрү Түрк инвестициялык фонду, анын иштөө механизмдери талкууга алынып жатат. Жалпы түрк элдерин бириктирген уюмдар башка өлкөлөрдө жайгашып, Кыргызстан мүчө болгону менен бизде бир да уюм жок экен. Ошондуктан, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан Түрк инвестициялык фондун бизге жайгаштыруу боюнча маселе көтөрүлдү. Бул Кыргызстандын пайдасына чечилсе деген үмүт бар. Муну албетте, президенттер чечет. Бирок, ага чейинки жол-жоболорду иштеп чыгууга колдон келишинче колкабыш эте алабыз.

Андан тышкары, медиа айдыңы мага жакын тармак. Бул жагынан дагы активдүү иш алып барам. Биз маданий, гуманитардык кызматташууга көбүрөөк басым жасап, ал эми экономикалык кызматташуу бир аз артта калгандай. Ушул жагын жаңы деңгээлге чыгарсак деген ойдомун, ал үчүн колдон келишинче аракет жасайбыз, Кудай буюрса.

-- Эл сизди таланттуу жазуучу катары да тааныйт, кызмат менен чыгармачылыкты кантип айкалыштырайын дейсиз?

-- Ооба, чыгармачылыкты да унуткан жокпуз. Идеялар бар. Жаңы жерде күтүүсүз ойлор, сюжеттер келип атат. Убакыт таап, жаңы чыгарма жазганга аракет кылабыз. “Бакшы менен Чыңгызхан” романым сиздин купулуңузга толду эле. Ошондон аша турган, эң жок дегенде ошол деңгээлден түшпөгөн чыгарма жаратам го (!) деген дымагым бар.

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер