Бишкек шаарын куураткан Бакыт Кудайбергеновго элдин каргышы өтөбү?

Бишкек шаарыбыздын көркүн бак-дарактар ачып турары талашсыз. Башка жагыбыз башаламан. Мына ушул жашыл чөйрөбүздү мэр Бакыт Кудайбергенов курутуп, түбүнө жеткени калды. Убагында сугат иштери жүрбөй, кечиктирилип, анысы аз келгенсип, дарактарды курт жей баштады. Жайдын кап ортосунда кунарын кетирип тынды. Бул бир гана багыттагы мисал. Башка экономикалык, социалдык көйгөйлөр чегинен ашты. Бишкек шаары чоң колхоздун кейпине баратат. А эмнеге Бакыт Кудайбергеновду калкалап отурушат? Же куданын досу болгону үчүн иштей албаса да аздектелип, тескери арбайын соктура береби? Мындай чиновник сөрөйдүн элге карата кыянаттыгын далилдеп, жоопкерчилигин караганга да кез келет. Ошондо коррупциялык, кылмыштуу аракеттери менен шорлоп калбайбы?.. Көп кыйынчылыктар боюнча элибиз “чала мэрди” каргай баштаптыр...
"Азия Ньюс" гезити