Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаркыраган жылдыздар, жайнаган жер жаңгактар

Жаркыраган жылдыздар, жайнаган жер жаңгактар

05-август, 21:27
564 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мынча жаркырайсың кагылайын, жүрөк-боорду ысытып. Дал ушу жерден, дал ушул өрөөндөрдөн акындарын алптары Сүйүнбай, Байдылда аталарым да силерди карашкан тура. Силерди көрүптүр, жылдыздар... Алар өздөрү да жылдыздарга айланып кетишти. Бул өрөөндүн белилүү-белгисиз жакшы адамдары “жылдыздарга саякат” жасап, өздөрү да жылдызга айланып кетишти... 

Күкү жеңемди көп эстейм, башкача бир жаралган жароокер жан эле. Он алты баланы жарыкка алып келип, алардын он экисин аман-эсен багып өстүрдү. Орозо айында каза болуп, кадыр түндө үйдө түнөп, жума күнү жерге берилди. Өзүнүн ысмы Мария. Жаңы келин болуп келгенде кемпирлердин тили келбей, “Күкү эле болчу, айланайын” деп жаңы ат коюп алышкан экен. Ат адамдын тагдырын чечет демекчи, Куран китебинде аялзатынын төрт эле ысымы аталган. Ошолордун бири Мария. Өзүмдүн апамдын аты да Гүлмария, тилдери келбей Гүлмаарий дешкен. Бул ыйык ысымдуу аялдар жашоосун да аттарына ылайык жашап өтүштү... 

Биздин атабыз биз кичине кезде эле көзү өтүп кеткен. Үйдө телевизор жок эле. Ал кезде программа деген гезитке эмне кино болору күн мурун жазылып чыгып калчу. Биз көтөрүнүп алып Жылдыз досумдун үйүнө кино көргөнү барчубуз. Күкү жеңем кучак жайып тосуп алар эле. Дасторконун жайнатчу (биз бөлүнүп чыккан чоң үйдө телевизор, үстөл, стулдар боло турган, атабыз жаңылык катары алган экен. Бүт айыл көчүп келип, телевизор көрүшчү. Кийин бизге ал жактан бөлүнүп чыкканга туура келди окшойт, бөлүнүп чыктык).

Ошол кезде эл картошкасын Жамбылга барып сатып келчү эле. Күкү жеңемдер да барып сатышып, эртең менен келишчү. Андай күндөрү эки үйдүн балдары бир үйгө чогулуп алып майрам кылчубуз. Жылдыздар өздөрү да майда-майда, биз да кошулуп алганбыз. Таңга маал Күкү жеңемдер келишет. Жер жаңгактарды алып келип алдыбызга төгөт, бапыратып жейбиз...

Таласка тамеки келип, апабыз иштеп калды. Бат эле үй-жай кылдык дегендей, эл катары жакшы жашадык. Материалдык кызыкчылык эмес, мамилелер эсте калат экен...

Күкү жеңеме бизге кылган мамилеси үчүн эле түбөлүк дүйнөдө оң жагынан ачылып берди го дейм... Бейиштик болду деп ойлойм... Досум Жылдыз Ибраимованын апасы...

Кээде отуруп көзгө жаш келет, эмнеге экенин өзүм да билбейм... Калемгерлердин дүйнөсү башкача болот окшобойбу...


Сый

Күйөөнү сыйлаган жагынан Күкү жеңемдин астына эч ким чыкпаса керек. Базарбек байкем алдынан чыга калса, четке тура калат эле. Байкем өтүп кеткиче көзүн да өйдө көтөрчү эмес. Менин эсиме окуялар картина болуп сакталат, керектүү жери “шырк” этип тартылып, катып калгандай туюла берет. Кызыгы, андай картиналар дегеле өчпөйт. Пленканы кайра артка айлантып карасаң, баягылардын көздөрүн кайрадан көрө аласың...

Жылдыз досумда да адам сыйлаган, күйөө сыйлаган жакшы сапаттар бар. Таалай аяшыма ашыкча сөз кайрыбаганы жагат мага. Таалай да ага жооп кылып, Жылдызды сыйлап турат. Экөө бир уул, бир кыз, беш неберенин чоң ата, чоң энеси. 

Жылдыз класста математик эле. Негизи, айыл боюнча Ибраимовдордун баары кыйын математиктер. Эсеп чыгаруу деле кандан канга өтөт окшойт го. Базарбек байкемдин Маалымбек, Майрамбек деген эки бир тууганы бар. Экөө тең колхозубузда актив болуп иштеп, эл башкарган инсандар эле. Майрамбек чоң атам бар, Маалымбек чоң атамдын (мага да чоң ата, бир уурууданбыз) көзү өтүп кетти. Колхоздун эсеп-чотун кагаз карабай туруп айтат деп калышчу айылдагылар. Өзү ушунчалык жумшак, адилет, таза киши эле ыраматылык... Жылдыз айтмакчы, апаларыбыз бизди багып-кагып, эми чайыбызды ичээрде кете беришти.

Досум экөөбүздүн тең бир туугандарыбыз эл керегине жараган илимдүү, билимдүү азаматтардан болушкан. Ушу барышта классташтардын кырк жылдык мааракесинин видеосун бир тууган иним Төлөн тартса, кичүү иним Төрөгазы ямаха, аккордеондо ойноп, үн коштогон музыканты болду. Ал эми тамада, атабыздын агасынын уулу, мыкты педагог Наскул байкем болду. Силер менен сыймыктанам, бир туугандарым!


Кайтаардагы ыраазылык 

Жылдыз экөөбүз жолуккан сайын узакка сүйлөшөбүз. Классташыбыз, досубуз ыраматылык Токтобү Ниязалиеваны көп эстейбиз. Кичине кезинен ыр, аңгеме жазган, куюлуштуруп сүйлөгөн сөзгө чечен жан эле. Өз күчү менен жогорку окуу жайга өтүп, таланттуу болгону үчүн КТРКда иштеп жүрдү. КТРКда жөн адамдар иштей албасын жакшы билем.

Жылдыз “Токо меникине келди, тамак жасадым, сүйлөшүп, жакшы отурдук. “Ооруп жүрөм” деди, бир аз буттары да шишип калыптыр. Фуросемид бердим эле, жагып, “ай-ий, Жылдыз, жыргап калбадымбы” деди. Ырахматын кайра-кайра айтып, жакшынакай болуп узап кетти үйдөн. Ошондон көп өтпөй эле каза болуп калганын угуп, жаман болдум” дейт.

Жылдыз менен Токтобү Фрунзеге менден биринчи келишкен, мен алардын артынан эки жылдан кийин келдим. Үчөөбүз чогулуп алып эле жүрө берет элек. Токонун тааныбаган кишиси жок эле, бизди акын-жазуучулар менен тааныштырып, телевидение, редакцияларга ээрчитип барар эле. Бир жолу эсимде, мени “бас” деп “Ленинчил жаш” гезитине ээрчитип келди.

Ачкыч салган тешик кол бата тургандай эле чоң көзөнөк болуп калыптыр. Өзү биринчи шыкаалады. “Отурат. Бир сулуу журналист отурат” деди. Сулуу десе мен “Кыз Жибектеги” Төлөгөндү элестетип, кабинеттин ичи жапжарык болуп турса керек деп алыптырмын. Мен да шыкааладым, эч кандай жарык жок. 

-Эч ким жок го- дедим. Токо кайра карады:

-- Отурат го, тигине отурбайбы, - деди күбүрөнүп. Биз угулуп калбасын деп шыбырашып сүйлөшүп жатканбыз. Мен кайра шыкаалап карадым. Эски чийбаркыт костюм кийген, узун чачы көзүнө чейин түшкөн, чарчаңкы бирөө отурат. Улуурактай да көрүндү эмнегедир. 

-Ушубу? - дедим.

-- Ушу, ушу. Жанынан карасаң башкача- деди.

Кирдик. Тааныштык.

-- Мамат.

-Динара.

-Мунун ырлары гезитиңерге чыгып жатпайбы, - деди Токо.

-- Аа, Бектур Исаков дайындаган кыз сенсиңби? Агайдын окуучусу болосуңбу? -деди тиги жигит биз тарапты карап. Мен ал кезде ошол жигит келечектеги өмүрлүк жолдошум болорун ойлоп да койгон эмесмин... 

Сонун күндөр өткөн экен. Жылдыз экөөбүз Токонун кылык-жоруктарын эстедик. Макалдатып сүйлөгөн жагынан астына киши салчу эмес, ыраматылык. Кайтыш болорунда Токо досум Жылдыз досума ыраазылык берип кеткен экен, бейиштик болсун. Кайтыш болгон Апар, Гүлзина, Токтобү – үчөө тең гүлдүн үлбүрөгүндөй сулуу жандар эле...


Белек

Мектепти бүтүргөнүбүздүн кырк жылдыгын өткөрөлү деп маселе көтөргөндөрдүн башында ушул Жылдыз досум да бар. Өзү ушундай тарсылдаган, ичинде кири жок, ишбилги жан.

-- Бири-бирибизге белекке сенин “Ак” китебиңди берели деп атабыз, - деп телефон чалып калды. -- Чын да, кытайдын чүпүрөгүн алгыча, акын кызыбыздын китебин алсак жакшы эмеспи, - деди. 

Мен жетине албай кубанып калдым. Отуруп алып, отуз баштык тигип, бетине кийиз менен 40 деп жазып чыктым. Дагы үчтөн китеп кошуп, өзүмчө күдүрөңдөп, кубандым. 

Бир туугандардай болуп бирге өсүп, бирге чоңойгон досум Жылдыз телефон чалып алып, күлдүрөт да, “баланча деген каарманың баланча эле экен, таанып койдум” деп. 

Бул өмүрдө классташтардын, курбу-достордун болгону кандай жакшы! Алар менен жолукканда учуп бараткан өмүрдү как билектен кармап, токтотуп калат экенсиң...


(Удандысы бар)

Динара Бейшеналиева, Талас району, Арал айылы 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер