Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президенттин рейтингин түшүрбөй Кашкар Жунушалиев отставкага кетпейби?

Президенттин рейтингин түшүрбөй Кашкар Жунушалиев отставкага кетпейби?

12-октябрь, 18:43
809 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев акыркы убактарда коомчулуктун кескин сын-пикирине кабылып, бийликтин аброюн кетирип атканы ачык көрүнүп калды. Бул боюнча Aryba.kg сайты бир топ фактыларды келтирип, алешемдиктерин ачык алып чыгууда. Милицияга болгон ишеним кетсе, жалпы коом коркунучта каларын эскертмекчибиз.

Аз күндө Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия иликтөө ишин узартты. Эмнеге созуп атканына кызыгып көрсөк, көрсө, Кашкар Жунушалиев генерал-лейтенант, орун басары Памир Асанов генерал-майор чин-даражаларын алууну “соодалашып” атышканы ыраспы? Булар эмне догурунуп атышабы? Кызык. Кой-Таштан жалгыз Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында бүтүндөй күч органдарынын аскерлери барышып, окко учуп, жарадар болушуп, эл аралык коомчулукка шерменде болбодукпу. Бул жерде жетекчилердин сабатсыздыгы кашкайып көрүнүп турбайбы...

Учурда Кашкар Жунушалиевди эл ичинде, соцтармактарда кызматынан кетишин талап кылгандар арбып кетти. Ал эми орун басары, полковник Памир Асанов 16-октябрда 55 жашка чыгат, демек, мыйзам так аткарылышы үчүн токтоосуз түрдө пенсияга кетиши зарыл. (Ансыз да Батукаевдин ишин тергетүүдө сынга кабылып келет.) Эске салсак, Мелис Турганбаев ИИМди жетектеп турганда, 1-орун басары Нурбай Касымбаев 55 жашка чыгып, туулган күнүнөн бир күн да ашык иштебей пенсияга кетип, талапка ылайык мыйзамды кыйшаюусуз аткарган. Андыктан, Памир Асанов келаткан шаршемби күнү (16-октябрда) коллективи менен коштошуп, эс алууга кетиши шарт. Себеби, азыр системада 55тен ашкан бир да полковник жок.

Жалпы реалдуулуктан алып караганда, Кашкар Жунушалиев да шашылыш түрдө отставкага кетпесе, президент Сооронбай Жээнбековдун рейтингин түшүрө берери айныгыс чындык. Эл да карап турат. “Президентке ИИМдеги башаламандык, коррупция тууралуу маалыматтар жетпейбиЭмнеге министрге чара көрбөйт?” деген нааразычылыктар көбөйүп кетти. Ар кандай кептер да курчуй баштады. Суроо салалы: “Бийликти мен сактап калдым, болбосо Кой-Таш окуясы менен революция болуп кетмек” деп Кашкар Жунушалиев мактанып жүрөбү? Эми болсо ИИМдин 95 жылдыгына карай жону жука милицияларды кыйнап, майрамдык шаң-салтанатка ашкере даярдануу керек беле?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер