Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Сөздөрү даана эле угулду. Дарыгер абысынымды эркелетип жатты...
Сөздөрү даана эле угулду. Дарыгер абысынымды эркелетип жатты...
09-февраль, 18:35

Менин кайним Россияда, абысыным балдары менен айылда турат. Абысыным районубуздагы белгилүү бир врач менен телефондон сүйлөшүп жүрөт экен. Аны менин күйөөм байкаптыр, сөздөрүнө чейин угуптур. Ал мага “келин өзгөрдү” дейт. Анан мен да байкадым. Видеочалуу менен сүйлөшүп жатканын көзүм менен көрдүм. Кайниме айталбайбыз, жини жаман. Тиги врачтын аялына да айталбайбыз, үй-бүлөсү бузулуп калсачы... Балким, абысыныма билинбей жаткандыр кылыгы. Кулак менен уккандан башка далилибиз жок. Сөздөрү даана эле угулду. Дарыгер абысынымды эркелетип жатты. “Эми кантебиз?” деп эле ойлонуп жүрөбүз. Кайниме жетсе соо койбойт, балдарын ойлойбуз...
Нурай