Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алиясбек Алымкулов, Эл баатыры: “Бийлик “кустуруу” ыкмасы менен акыйкатты орнотууда”

Алиясбек Алымкулов, Эл баатыры: “Бийлик “кустуруу” ыкмасы менен акыйкатты орнотууда”

04-октябрь, 20:32
836 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алиясбек мырза, өлкөнүн өнүгүүсү боюнча ой калчасак?.. 

-- Жалпысынан алып караганда, дүйнөдөгү ар бир эгемен өлкөнүн өнүгүүдө өз жолу бар эмеспи. Айрымдары бай мамлекетке айланса, көпчүлүгү жылдар бою аракет кылып келишет. Ошондой эле Кыргызстандын дагы өзүнүн басып өткөн жолу, тарыхы бар. Эгемендүүлүк макамына жеткенден баштап тез арада өнүгүүнүн жолуна түшүүнү кыялданып келебиз. Кыска убакыттын ичинде өнүккөн өлкөлөрдө өздөрүнөн таланттуу жана күчтүү лидерлер чыгышып, ошолордун демилгеси, жетекчилиги менен таза иштешип, реформаларды ыкчам түрдө жүргүзүшүп, ийгиликке жетишишкен. Биз да алардан үлгү алсак. Алсак, 33 жылдын ичинде ар бир шайланган мамлекет башчылары өз аракеттерин жасашкан, бир топ иштерди аткарышып, ири долбоорлор жүзөгө ашкан. Бирок, тилекке каршы, бири дагы эл күткөн, кыялданган максатка жете алышкан жок. Ошондой эле азыркы бийликтин дагы максаты ыкчам кыймылдап, өлкөнү өнүгүү багытына буруп, ийгиликке жетишүүгө кадам салууда. 

-- Тарыхтан сабак ала алабызбы? Мамлекет башкаруудагы кетирген кемчиликтер, айрым ийгиликтер боюнча да учкай айтсаңыз?

-- Өткөн мезгилге көз чаптырсак, ХХ кылымдын башында өлкөбүз коллективизацияны баштан кечирсе, ХХ кылымдын аягында приватизациядан өтүштү. Тилекке каршы, ошол приватизация учурунда ал кездеги бийлик бир топ каталарды кетиргендиктен, коомчулук “прихватизация” деп ат койгон, себеби ири заводдор, фабрикалар, чоң-чоң соода борборлору, чарбалар, жерлер ошол учурдагы аткаминерлердин менчигине өтүп кеткен. Ошентип адилетсиздик өкүм сүрүп, аягы каргашалуу окуялар менен бүткөн. Кийинки учурда дагы оор илдетке айланган коррупциянын айынан менчиктер кайра бөлүштүрүлүп, колунда бийлиги бар аткаминерлер, алардын туугандары жана жек-жааттары мыйзамсыз жол менен чоң байлыктарга ээ болушкан. Мамлекеттик бийлик менен коомчулуктун ортосунда чоң жарака пайда болуп, эл бийликке ишенбей калган. Айрыкча кыргыз коомчулугунун бийликке болгон негизги талаптары бул – адилеттүүлүк, ачык айкындуулук, таза жана ак ниеттүүлүк эмеспи. Азыркы бийлик адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында мыйзамсыз, же “буйтап өтүү” жолдору менен эбегейсиз чоң байлыкка жеткендерге “кустуруу” ыкмасын колдонгону акыйкаттыкты орнотуу аракети да. Бирок бул ыкма канчалык деңгээлде мыйзамдуу жана туура болгонуна, мамлекеттин келечегине оң же терс таасирин тийгизерине тарых жана эл өз баасын учуру келгенде берет го...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер