Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мекенчил китепканачы

Мекенчил китепканачы

08-ноябрь, 19:30
120 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ордо калаабыз Бишкектин капталындагы эгемендүүлүктүн башатында алгачкы болуп ачылган Ак-Өргө жаңы конушунда азыр 22 миңден ашуун калк жашап, анын төрт миңин өлкөбүздүн булуң-бурчтарынан көчүп келишкен мигранттар түзүшөт. Бул жерде төрт орто мектеп бар. Жыл өткөн сайын Ленин районуна карап калган бул конуштун жашоо шарты жакшыртылып келет. Мында жаштардын терең билим алышы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жеке менчик мектептер, балдар бакчасы, эс алуу жайлары, соода-сатык түйүндөрү жетиштүү. Акыркы учурда көчөлөргө, жөө жүргүнчүлөр өтчү жолдорго асфальт төшөлүп, айлана-чөйрө көрктөндүрүлүп,  бийлик калктын камын көрө баштады. 

№77 мектептин жертөлөсүндө мындан кырк жылдай илгери жогорку окуу жайынан китепканачылык кесипке ээ болгон замандашыбыз Сүйөркан Ильясовна Балтабаева кесиптештери менен чуркап жүрүп китепкана ачкан эле. 2003-жылы уюштурулган китепканада кыргыз тилинде жүздөй гана адабий китеп менен ачылган окуу ордосу азыр кескин өсүп-өнүктү. Кабинеттердин жетишпегендигинен улам жертөлөгө көчүрүлгөн №22 бул китепканада ушул тапта 11200дөн ашык китеп, кыргыз тилиндеги бир топ гезиттер бар. Мунун 4500дөн көбүрөөгү жалаң кыргыз тилиндеги адабий, тарыхый, саясый жана окуу китептери. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө мында айрыкча көңүл бөлүнүп, тынымсыз аракеттер көрүлүп турат. 

Китепканадагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын чыгармачылыгына арналган стенддерди көрүп ыраазы болосуң. Бул жерде быйыл 200 жылдык маарекеси зор салтанат менен белгиленип жаткан кыргыз элинин тунгуч жазма акыны, саякатчысы, тарыхчысы, ойчулу жана педагогу Молдо Нияз Эрназар уулунун өмүрүнө, чыгармачылыгына арналган бурчтун ачылганын угуп, жаңы китептерибиз менен гезиттерге жарыяланган макалаларыбызды алып жетип бардык. Башка адабий китептер да тартууланды. 

Мындай мекенчил замандашыбызга жергиликтүү бийлик жертөлөдөн эмес, сырттан, жакшы жерден орун берип, татынакай заманбап имаратты куруп коюшса, кыргыз маданияты үчүн  жакшылык жасаган болор эле. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер