Каныбек Туманбаев арканды алыс ыргытып, келечегине кам көргөнүбү?


Буга чейин Россиянын жарандыгы бар депутаттар, айрым чиновниктер жектелип, узун элдин учуна дейре сындалып келчү. Баары эсибизде. Алардын мыйзам чегинде жоопкерчиликтери каралчу.
Аз күн мурда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевди Россиянын жараны катары жарыялашса, өзү эмнеге билдирүү жасаган жок? “Кыздын унчукпаганы макул болгону...” дегендейби? Айтор, башка көйгөйлөр арбып аткан чакта, мындай маселеси туурадан чыкканы ашыкча эмеспи? Коомчулукта кызуу талкуу жаралып, тикелей сын-пикирлер курчуп турган убагы. Асыресе, кош жарандуулук... Туманбаев арканды алыс ыргытып, келечегине кам көрүү менен сактанганыбы? А мыйзамдуулук жагы кантет? Кыскасы, элди таңгалдырган суроолор арбып кетти. Каныбек мырза жооп берип койсо болмок...











