Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыңыр иш, же геосаясатты түшүнбөгөн кыргыздарга сабак

Кыңыр иш, же геосаясатты түшүнбөгөн кыргыздарга сабак

25-март, 18:21
562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

СССР таркаган жылдары көп катачылыктар кеткени белгилүү. Ошол катачылыктарды айтып-деп, элге түшүндүрүп, оор абалдан чыгуунун ар кандай жолдору болгон. Бирок саясый-экономикалык каатчылыктан пайдаланган АКШ Кыргызстанды талкалаган долбоорлорун таңуулап, акчанын күчү менен ишке ашырып турган. АКШнын акчасын алыш үчүн адегенде калпагын алып ыргытып, андан кийин кийип жүргөн чепкенин чечип берип, акырында ыштанын чечип акча алышкан... 

Оңой жолду тандап алган Кыргызстан оңкосунан түшүп, кризистердин сазына барып сайылды. Экономикасы өлдү, өзү талкаланды, эли чачырай баштады. Жыйынтыгында, АКШны “обожать” эткен Кыргызстан баардык мамлекеттерден артта калып, Тажикстандын тепсендисинде калды. Пайда издеген кытайлар, арабдар, түрктөр жана башкалары “проходной дворго” айлантып алышкан. Баары бирдей “эти меники, сөөгү сеники” деген принципти карманышат. Канадалыктар болсо миңдеген тонна алтынын ташып кетишип, уулуу калдыктарын кыргыздарга калтырышты. Мамлекеттүүлүк жана мыйзамдуулук жоголгон Кыргызстан коррупция менен мафиянын мекенине айланып, кыргыз элинин жашоосу тозокко айланды. Мунун баары марксизм-ленинизмди окубай, окуса да түшүнбөй калган кыргыздардын катачылыгы болуп эсептелет. Бүгүнкү президент Садыр Жапаровдун “калыстыгы” кимдерге ыңгайлуу? “Экспансия” саясатын жүргүзгөн тажиктерге пайда керек. Ал эми Россия–Кытай–Кыргызстанды жок кылгысы келген АКШга киреше керек. Кыргызстан Россия менен достук мамиле түзсө, Тажикстан “кыңк” эте алмак эмес. 

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаев Россия президенти Владимир Путин менен достук мамиледе болгондо, тажик туугандар тежиктигин көрсөткөн эмес. Кийин ака-үкалардын өзүмбилемдиги орногондо, Кыргызстанды мамлекет катары санабай калышкан. Бүгүнкү күндө геосаясатты түшүнбөгөн кыргыздар менен Украинаны талкалаган клоундун айырмасы жок болуп калды. Президент Садыр Жапаров айланасындагы чала сабаттарга марксизм-ленинизм боюнча экзамен алса, көздөрү ачылмак. Жеке эле орустар эмес кыргыз элинин да келечеги үчүн согушуп жаткан Россия президенти Владимир Путинге, чечен лидери Рамзан Кадыровго, Беларусь президенти Алекесандр Лукашенкого ыраазы болушмак.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер