Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бузулган Жаркынбек Касымбековго саламаттык сактоо тармагын тапшыруу опурталдуу

Бузулган Жаркынбек Касымбековго саламаттык сактоо тармагын тапшыруу опурталдуу

09-июнь, 19:30
538 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Жаркынбек Касымбеков “мен мошенник, аферист эмесмин” деп актанып жатат. Соттошуп акталганын калың элдин алдында какшап айтууда. Учурунда ага Эмгек кодексин бузганы үчүн иштен айдалып, каржылык иштер боюнча кылмыш иштери козголгон экен. Ал Бишкек шаардык “Тез жардам” станциясынын башкы дарыгери кызматын ээлеп турганда ушундай одоно мыйзам бузууларга жол берген. Ушундай ызы-чуу менен жүргөн, репутациясы бузулуп, булганган талапкердин эми минтип министрдин милдетин аткаруучу кызматка келиши туура эмес. Анан да жогорку кызматка дайындала турган кишинин ишкердик сапаты эле эмес, моралдык жүзү, адеп-ахлагы да эске алынышы абзел. Анткени Жаркынбек Касымбеков беш баласын тирүүлөй жетим калтырып, үй-бүлөсүн таштап кеткенин эл билбейт окшойт. Ушундай туруксуз, соттошуп-оттошуп жүргөн чуу куйрукка өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын ишенип берүүгө болобу? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер