Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эт, көмүр, дары-дармек кымбаттады, өкмөт кай жакты карап отурат?

Эт, көмүр, дары-дармек кымбаттады, өкмөт кай жакты карап отурат?

24-сентябрь, 19:05
1 611 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы күндөрү азык-түлүккө жана күндө керектелүүчү буюм-тайымдарга болгон баа жогорулап кетти. Муну эмнеден көрүп атасыз? Биздин өкмөт мындай учурда чара көрбөстөн унчукпай отура береби?

Азамат Болгонбаев, акын:

-- Азыр күз мезгили болуп, жашылча-жемиштер, эт азыгы экспортко көп чыгып, ошол эле учурда бизге кирип аткан импорт товарлары кымбат келгенине байланыштуу баа кескин жогорулап кетти го. Албетте, экспортко чыгып аткан товардын баасы жогору болгону жакшы. Мындан дыйкандар, фермерлер, мал чарбачылыгында алектенгендер бир аз да болсо абалын оңдоп алганга шарт түзүлүүдө. Бирок, аны менен кошо биздин ички товардын баасынын өсүшү биздин экономикалык абалга жакшы таасирин берип атат (!) деп айтуу кыйын. Тилекке каршы, тийиштүү органдар бааны көзөмөл кыла албайт экен, мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ички-тышкы бааны өзүбүздүн абалга жараша көзөмөл кылса жакшы болмок. Бирок, өкмөт буга чейин пандемия, андан кийин шайлоо менен алек болуп, бул тарапты тейлөөгө шаасы жетпеди. Анткени, айыл чарба министрлиги дыйкандар канча продукция өндүргөнү тууралуу мониторинг жүргүзө албайт, экономикалык жактан координация болуш керек. Ички рынокту камсыз кылгандан кийин экспорт жөнөтүшүбүз керек. Ал эми импортту өкмөт эл аралык алака менен арзаныраак жана сапаттуу камсыздашы керек эле.

Жумагүл Барктабасова, журналист:

-- Акыркы кезде азык-түлүктөрдүн баасы кескин көтөрүлүп кетти. Өзгөчө жашылча-жемиш жана эт азыктары. Аталган азыктар четке кетип жаткан үчүн кымбат болууда” дегенге ишенип, элеттиктердин чөнтөгү толгонуна кубаналы десек, айылдагылар деле “малдын баасы сатканга арзан, эт кымбат деп нааразы. Демек, бул жерде ортомчулар эле пайда көрүп жатышат го. Ал эми жашылча-жемиштин баасы чындап эле былтыркыдан кымбатыраак болуп, дыйкандардын акыбети кайтууда. Бул жерде кыйналган шаардык интеллигенция: мугалимдер, дарыгерлер жана башкалар. Деги эле биздин өлкөдөн азык-түлүк, жер-жемишти четке чыгарууну уюштуруу, карапайым элге туруктуу бааны камсыз кылуу боюнча өкмөт тарабынан эч кандай аракет жок болуп келет. Ошол четке ташып жаткан ортомчулардын өздөрү "ушул иштерди өкмөт уюштурса, логистикалык борборлорду салбаса да, жок дегенде бош жаткан объектилерди уюштуруп берсе" деп айтканын көп уктук. Бул жагынан өкмөт чабалдыгын көрсөтүп келүүдө.

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:

-- Бир гана азык-түлүктөр эмес, дары-дармектер, баардык тейлөө кызматтарынан өйдө баалары көтөрүлүүдө. Эми тамак-аш боюнча, бизде өкмөттө буларды көзөмөлгө алган министрликтер бар. Алты ай бою карантинде болуп, экономика, каржы, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар министрликтери мындай жагдайда запастарды даярдап, жолун издеген эмес. Алдын ала прогноз кылып, каатчылыкка карата түшүнүктөрдү ар бир министрлик иштеп чыгуусу кажет эле. Ошол эле кошуналарыбыз Өзбекстан, Казакстан, Россиядагыдай пландаштыруу жана алдыны көрө билүү жагынан биздин өкмөттүн чабалдыгы ачык-айкын байкалып атат. Алар өз убагында экономикалык каатчылыкты, ошол эле баанын көтөрүлүү жагын илгиртпей өз ордуларына коюп койду. А биздин өкмөт мындайга эч бир даярдыгы жок экен. Анын кесепетинен биздеги тамак-аш продукцияларына, азык-түлүккө болгон баа кескин көтөрүлүп баратат. Себеби, биздин экономика кошуна өлкөлөрдүкү менен тыгыз байланышта болуп атпайбы. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер