Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкекте 12-кабаттан кулаган киши каза болду
Бишкекте 12-кабаттан кулаган киши каза болду
15-ноябрь, 14:38


Кечээ Бишкектеги Логвиненко көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан бир киши кулап кетип, көз жумду.
Кырсык болгон жерге тергөө тобу барган. Каза болгон жаран кыргызстандык экени айтылууда. Ошондой эле анын Улуу Британиянын жарандыгын тастыктаган паспорту да болгон.
Маркум кантип кулады жана ага эмне себеп болгону иликтенүүдө.
Aryba.kg