Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Төрөгүлө, төрөгүлө!” Николас Мадуро өлкөсүндөгү аялдарды алтыдан бала төрөөгө милдеттендирди

“Төрөгүлө, төрөгүлө!” Николас Мадуро өлкөсүндөгү аялдарды алтыдан бала төрөөгө милдеттендирди

06-март, 00:06
566 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    Венесуэланын президенти Николас Мадуро Боливариан Республикасынын аялдарын кеминде алтыдан бала төрөгөнгө чакырды. Ал мындай билдирүүсүн 3-мартта Каракас мамлекеттик телевидениеде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Президенттин айтымында, өлкөдөгү ар бир аялдын алтыдан кем эмес баласы болушу керек. Ошондой эле ал Боливариан Республикасынын баардык аялдарын 8-мартта өтө турган манифестацияга чакырды.

Венесуэла акыркы жылдары гиперинфляция, зарыл болгон товарлардын таңкыстыгы жана улуттук валютанын девальвациясы менен коштолгон социалдык-экономикалык кризисти башынан өткөрүүдө. БУУнун маалыматына ылайык, акыркы учурларда өлкөдөн 4,5 млн. адам миграцияга кеткен. Алардын 80%ы коңшу өлкөлөрдө жан багып жүрүшөт. Кээ бир болжолдоолорго караганда, алардын саны 6,5 млн. адамга жетиши мүмкүн. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер