Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан – баланын үйү, Бапанын алачыгына айландыбы?

Кыргызстан – баланын үйү, Бапанын алачыгына айландыбы?

02-июль, 18:03
1 959 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жылы расмий маалымат боюнча CОVID-19дан 1390 адам көз жумган. Кийин Элвира Сурабалдиева жетектеген мекемелер аралык комиссия көз жумгандардын саны төрт эсе көп экендигин белгилеген. Анда мамлекет даяр эмес, врачтардын тажрыйбасы жок болуп, “каргашалуу июль” окуялары болгон.  

Азыркы учурда санитардык-эпидемиологиялык абал оорлоп баратат. Вирус жуктургандардын саны күн санап өсүп, 1000ден ашып, 20-30дан врачтар ооруп, ондон ашык адам күнүнө акка моюн сунууда. Ушунун баарын көрүп-билип туруп, министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов “биз эч кандай чектөөлөрдү киргизбейбиз, санитардык талаптарды сактагыла деди. Оору күндөн-күнгө күчөп жаткан учурда “чара көрөлү, чектөөлөрдү киргизели” деп элди тартипке чакырып, кам көргөндүн ордуна “биз эч кандай чектөөлөрдү киргизбейбиз” деп кергиштегени кандай? Эми Улукбек Мариповго окшоп модалуу кийинген элита социалдык аралыкты сактап, кара башын аман алып калат болуш керек, ал эми көчөдө, базарда быкпырдай жайнаган караламан эл кантет? Бул аларга карата “бириң кайың, бириң тал, бириң өлүп, бириң кал” дегендей эле мамиле да. 

Өз элине кам көрбөй, дары-дармекти кымбаттатып, суук тумшук көрүнгөн Сокенин бийлиги да ушинтип кесирленип жатып кулаган. Жаңы бийлик да ошолордун жолуна түшүп, кедеринен кетип жатабы? Болбосо стационарларда орун жок болуп, апаат күчөп жатса, ар ким каалаганын жасай бергени кооптуу эмеспи. Жайылып жаткан вируска каршы чара көрбөй алаканды шак коюп, ийинин куушуруп отуруу – өз элине карата душмандык го? Же биздин Кыргызстан баканооз, ээнбаштар чартаңбай тепкен баланын үйү, Бапанын алачыгына айланып калды беле? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер