Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Эшатов: «Бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу бензиндин баасы арзан»

Канат Эшатов: «Бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу бензиндин баасы арзан»

06-октябрь, 19:49
1 185 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти менен маек.

-- Россия кошумча наркы жок май берүүнү мурдагыдай эле улантары маалымдалып жатат, мында баа арзандайбы? 

-- Ооба, Россия Кыргызстанга пошлинасыз күйүүчү-майлоочу майларды көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карай турганын билдирди. Негизи бизге келген күйүүчү-майлоочу майлардын дээрлик 95 пайызы башка мамлекеттен ташылат. Ошондуктан баалар дүйнөлүк нефтинин баасынан түздөн-түз көз каранды. Ошондой болсо да айрым өлкөлөргө салыштырмалуу биздеги майдын баасы төмөнүрөөк. Баалардын өсүшү ошол эле Россияда дагы байкалууда, ал жакта мунайды кайра иштетүүчү заводдордун бензинди сатуу баасы 130%га, ал эми дизель өндүрүү 70%га жогорулаган. Кыргызстанда биринчи топтогу баалар 59%га, экинчи топтогусу 40%га өстү. Биздеги баалардын арзандыгы Россия менен Казакстандан кийинки эле орунда турат. Өзүңүздөр билгендей, учурда кошуна Казакстанда дизелдик отундун жетишсиздиги курчуп, айдоочулардын  нааразычылык акцияга чыкканы боюнча маалыматтар чыкты. Ушуга байланыштуу алар дизель майын Россиядан импорттоо чечимине келишти. 

-- Демек, баа түшпөйт, бирок өсөт. Ушундайбы?

-- Биздин прогноз боюнча мунайдын баасынын өсүшү улана берет. Бул россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордогу күйүүчү-майлоочу майларды сатуу баасы жогорулайт (!) дегенди билдирет. Натыйжада жергиликтүү нефтетрейдерлер күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасын көтөрүүгө мажбур болушат, ушундай жол менен гана май куюучу жайлардын иши токтоп калбайт. Нефтетрейдерлер ассоциациясы өкмөткө 2021-жылдын октябрынан декабрь айына чейин акциздик салыктын ставкаларын убактылуу төмөндөтүү жана дизелдик отундун импортун жана жеткирилишин КНСтен бошотуу механизмин колдонуу сунушун берди. Бул кадам бензиндин чекене баасын – бир литрин 3,7 сомго жана дизелдик отунду 4,8 сомго төмөндөтөт. Ал эми мунай секторунан мамлекеттик бюджетке 2021-жылга пландаштырылган салык чегерүүлөрү толугу менен аткарылат. Минстрлер кабинетинин колдоосу Кыргызстандын нефтетрейдерлерине ички керектөөнү жабуу үчүн күйүүчү майларды үзгүлтүксүз жеткирүүгө жардам чоң жардам бермек. 


Анархан Алтымышова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер