Перизат Суранова: “Колубузга курал албай, карама-каршылыкты сабырдуулук, сүйлөшүү менен чечели”

-- Перизат айым, коңшу Тажикстандын Хайринисо Юсуфи айымынын кыргыз аялдарын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакырган кайрылуусу интернет айдыңында жарык көрдү. Бул боюнча эмне дейт элеңиз?
-- Ооба, 19-сентябрь күнү эртең менен интернет айдыңынан Тажикстандын башкаруучу партиясынын жетекчисинин орун басары Хайринисо Юсуфинин Кыргызстандын аялдарын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакырган кайрылуусун окуп калдык. Бул кайрылуудан кийин бир катар активисттер, коомдук ишмерлер аны талкуулап, соңунда тийешелүү билдирүү жибердик: “Биз эки өлкөдөгү коопсуздукту, тынчтыкты жана туруктуулукту жактайбыз, баардык күч аракеттерди жумшоого даярбыз” деген таризде. Учурда түзүлгөн демилгелүү топтун курамына жарандык активисттер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомдук уюмдар кирип атат. Биздин эң негизги милдетибиз – эки өлкөнүн коопсуздуктун негизги агымына кайтып келишине салым кошуу деп ойлойм. Түбөлүк кошунабыз менен жер жана чек ара маселеси боюнча колубузга курал алып коргонууга мажбур болгонубуз туура эмес. Карама-каршылыкты ачууга алдырбастан сабырдуулук жана сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити