Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канткенде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту токтото алабыз?

Канткенде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту токтото алабыз?

04-декабрь, 18:50
1 159 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Соңку айларда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 37 пайызга көбөйгөнүн ИИМ билдирди. Мындай көрүнүшкө жакырчылык, жетишпеген жашоо себепкер эмеспи?..

Рамазан Дырылдаев, коомдук ишмер:

-- “Үй-бүлөлүк зомбулуктун күчөшүнө жалаң эле жакырчылык күнөөлүү” деп айтыш кыйын. Коммунисттик партиянын убагында баары партиянын көзөмөлүндө болгону үчүн зордук-зомбулук азайган. Азыр ар ким өз билгенин кылып, акылга сыйбаган, жүрөк үшүн алган окуялар орун алып жатат. Ошондуктан мамлекет мындай иштерди көзөмөлгө ала турган орган түзүп, зөөкүрлөргө катуу чара көрүшү керек. Болбосо зулумдук күчөп баратат. 

Сонунбү Кадырова, журналист:

-- Ойлонуп көргөндө, элибиздин башынан мындан да оор учурлар өткөн. Мисалы, согуш учуру, андан кийинки өлкөнү кайра калыбына келтирүү кезеңи оңой болгон эмес. Ошондо деле эл элдигинен калбай, ата-бабадан келе жаткан нарктуулукту сактап, өз өзөгүбүздү карманып жашап жүрүп отурганбыз. Азыр “жокчулук” деп айтуу туура эмес. Болгону жалкоолук, нарксыздык, өзүм билемдик, уятсыздык кендирибизди кесип, элдин кадырын кетирип, баабызды түшүрүп турат. Акча табуу деген түбү жок туңгуюкка улуу-кичүүнүн баары кирип бара жаткансыйт. Ошону менен үйдөгү бала каралбай, от жагылбай, казан асылбай, нан жыттанып турган үйлөр сыз жыттанып, кулпуланып калды. Буга эң оболу аял күнөөлүү. Кандай болгон күндө да аял үйдөгү коломтонун башында болмогу, балага, эрге мээрим төкмөгү аялдык улуу парз, милдет. Айрыкча ургаачы бир тууганын сыйлаганды, ага аяр мамиле жасаганды ата-энесинен угуп чоңойгон уул бала жашоосунда бардык аял кишиге ошондой мамиле жасайт. Бизде ошондой өнүгүп жатабы? Ошону үйрөткөн, “карындашыңа кара, аны капа кылба, кол тийгизбе, кедей болуп каласың” деген жан барбы азыр? Тескерисинче, аял киши эрин беттен алып, аны кемсинтип, “кедейбиз, акча таппайсың, элдин эркегин карачы” деп башкаларга салыштырып, урушуп жатканын уккан уул апасынан кандай тарбия алышы мүмкүн? Апасын ичинен жек көрүп, ошону менен эле катар баардык аялзатынан көңүлү калып чоңоёт. Баласын ээрчитип алып кандай гана ыплас жерлерде, акылга сыйгыс сөздөрдү угузуп жүргөн аялдар эмеспи ушул эгемен күндөрдө. Азыркы биздин башыбызга келип жаткан мүшкүлдөрдү алсак, бири-бирин сыйлабоо, аялды аябоо, “ооздон ак ит кирип, кара ит чыгуу” деген нерсенин баары өзүбүздүн эле жасаганыбыздын жыйынтыгы! Башка бирөө келип ушундай акыбалга калтырган жок. “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” деген заманда жыйналып келген ыпластыктардан чыккан натыйжалар ушулар. Ошол аялын урган, кордогон жигиттин өмүрүн изилдеп көрсөк жакшы болот эле. Биз аны күнөөлөгөндүн ордуна, кайра жардам берип, жакшы нерсени билдирип, сездиришибиз керек. Жакшылыкты туура тарбияланган гана адам жасайт. Жакшылык эмне экенин билбеген адам кантип жүрөк жылытсын? Биз бири-бирибизге мээрим төгүп, жамандыкты оозанбай, элди жакшылыкка чакырган чоң программа алып чыгышыбыз керек. Мага ушундай ойлор келет. Мисалы, жол эрежеси бузулса кыйроо болот. Ал эми сөз эрежеси бузулса, жашоо эрежеси талкаланарын билбейбиз. Так эле айдоочуга айып пул салган сыяктуу туура эмес сүйлөгөн адамды жазалап, жалаң гана жакшылыкты жар салууну, адамдарды даңазалоону, алгы сөздү бири-бирибизге арноону адатка айландырышыбыз керек. Жамандыкты жакшылык менен жеңүү идеясын алып чыгуубуз өтө зарыл. Байыртан биздин эл жаман нерсени оозанган эмес. Жетишкендикке маашырланган улуу касиети бар аксөөк элбиз. Эртеби-кечпи биз ошол нугубузга түшүшүбүз керек. Жерибиз бейиштей, биз периштедей болуубуз милдет. Андан башка жол жок. Биз сөзсүз каныбыздагы аруулукту ойготуп, бактылуу жашай алабыз.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер