Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков: “Добуш сатууга, криминалдын кийлигишүүсүнө жол бербейли!”

Артур Медетбеков: “Добуш сатууга, криминалдын кийлигишүүсүнө жол бербейли!”

18-сентябрь, 11:42
796 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Артур мырза, парламенттик шайлоо тынч өтөбү?

-- 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоо өзгөчө шайлоо болот. Кыргыз элинин тагдырын сынаган, келечегин, бүгүнкү күндөгү шайлоо процесстеринин көз карашын, пикирин чагылдыра турган шайлоо болуп калды. Себеби, эчтеке баштала электе эле ар кандай тоскоолдуктар жаралды. Анын арасында КОВИД-19 пандемиянын катуу таркашы, саясый жана экономикалык жактан кризиске учурашы, элдин жакырланышы. Анткен менен шайлоого катышуучулардын ролу абдан орчундуу болот. Адегенде эле 16 партия шайлоого аттанып, анын ичинде катталууда 1-2 партия чырдашып, соттошуп, чоң чатак менен башталганы коомчулукта терең ой жаратты. Шайлоого катышып жаткан партиялардын эң негизгилери бийликке жакын же убагында алдым-жуттум, мамлекеттин байлыгын уурдап, коррупциялык иштерге катышкан, үчтөн бир бөлүгү мурда соттолуп келген же кылмышка шектүү талапкерлердин болгону бир чети элде таңгалдырууну жаратып жатса, экинчи чети аларга терс көз карашта экени байкалууда. 4-октябрь күнү административдик ресурс тийешелүү рычагдары аркылуу басым кылып же добуштарды уурдоо болбосо, акчага сатып алып, криминалдык күчтөрдү колдонуу менен шайлоочуларды коркутуу болбосо, ар бир участкада иш алып барып аткан шайлоо системасындагы кызматкерлер таза иштесе, мындан сырткары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү органдын жетекчилери шайлоонун таза, ачык өтүшүнө салым кошсо, анда шайлоо эч бир чыр-чатаксыз өтөрүнө ишендирип кете алам. Шайлоонун тынч өтүшүнө баардыгы кызыкдар. 

 -- Сырткы күчтөр биздин саясатка кийлигишип, өз кызыкчылыгын арттырууга ашыгабы?

-- Кыргыз мамлекетинин ички саясатына сырткы күчтөрдүн таасири бар экенине соцтармактагы саясат талдоочулардын, эксперттердин, чет мамлекеттик политтехнологдордун шайлоого аттанган партиялар менен иштешип атат (!) деген макалалары, материалдары байма-бай чыгып атканы ар кандай пикирлерди жаратууда. Сырткы күчтөр үстүртөн гана таасирин жасап келген, жасай беришет. Белгилүү россиялык саясатчы Собянин “Кыргызстандын парламенттик шайлоосуна чет элдиктер кызыкдар. Алар кайсы бир партиялар менен мамиле түзүп, демөөрчүлүк жактан жардам кылышууда. Материалдык жана политтехнологиялык жактан колкабыш кылууда” деп айтып кетти. Минтип айтканында кандайдыр бир деңгээлде чындык бар. Албетте, баардык партияларга тийешелүү эмес. Пандемияга чейин биздин өлкөдө сырткы инвестиция аз-аздан көбөйө баштаган. Эгер капыстан чыр-чатак чыгып кетсе, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө шек кете баштаса, анда ошол эле чет мамлекеттен келип аткан инвестиция кан буугандай токтойт. Ошондон улам сырткы күчтөрдүн басымдуу бөлүгү бизде стабилдүүлүктү каалап, өздөрүнүн инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу максатында парламентке аттанган кээ бир партиялар иштешип атат. Экинчиден, мамлекеттик деңгээлде эмес, кээ бир саясый оюндан упай топтоп калыш үчүн же кайсы бир учурда Кыргызстанга нааразы болуп калган шумпайлар шайлоо шартынан пайдаланып, өзүнүн негативдүү терс таасирин тийгизгенге аракет кылышат. Эми андайлар аябай аз санда.  

-- Мамлекеттин коопсуздугу үчүн атайын кызматтар эмне иш алып баруусу керек?

-- Мамлекеттин коопсуздугу үчүн күч органдары, аткаруу бийлиги, өзгөчө улуттук коопсуздук кызматы, ТИМ, сот системасы, прокуратура, БШК өздөрүнүн ишин түз, так, акыйкаттуу, адилеттүү алып барып, жогору жакты карап кошомат кылбай, ар кандай туура эмес иштерден алыс болушса, анда парламенттик шайлоо позитивдүү, жакшы маанайда, тынч өтөт. Мындан сырткары, ушу шайлоодо баардыгын эле күч органдарына же аткаруу бийлигине түртө салбай, ар бир жаран таза шайлоо өтүшүнө өз салымын кошуш керек. Жагымсыз окуялар өз убагында маалымдалып, өз убагында тийиштүү чаралар көрүлүшү кажет. Эгерде мурункудай эле кайдыгерлик мамиле уланып, добуш сатуу, криминалдык топтордун кийлигишүүсү үстөмдүк жаратса, ачык эле административдик ресурска жол берип койсок, позитивдүү көрүнүштү күтүүгө болбойт. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер