Акыркы кабарлар
» Саясат » Билесиңби? Аргынбек Малабаев бир балээни сезгендей өлкөдөн чыгып кеткен...
Билесиңби? Аргынбек Малабаев бир балээни сезгендей өлкөдөн чыгып кеткен...
23-декабрь, 15:00
690 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Экс-министр, чыйрак жигит Аргынбек Малабаевдин артынан орган кызматкерлери түшкөнү, бизге белгисиз басымдар мурдатан башталганы каңкууланган. Кандай негизде кылмыш иштери козголгону сыр болсо керек. Аныгында, ачыкка чыкпай бугуп жатат. Ал эми атка жеңил тайга чак, уйкусу жок Аргынбек Малабаев алдыртан бир балээни сезгендей, кыйла күн мурда өлкөдөн чыгып кеткенин эшиттик. Чындык чыркырап, камалып кеткиче мекенинен оолак жүрүүнү туура көрдүбү? Сыягы, бул жагынан көп сырлар катылып жаткандай. Жакында ачыкка чыгат окшойт.
"Азия Ньюс" гезити