Акыркы кабарлар
» Коом » “Эду” СИЗОнун шартына көнбөгөндөн улам ур-токмокко алындыбы?
“Эду” СИЗОнун шартына көнбөгөндөн улам ур-токмокко алындыбы?
14-апрель, 14:50


УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы начальниги Эльдар Жакыпбеков учурда СИЗОдо кармалууда. Ага ИВСтегидей шарт түзүлбөй, ресторандан келчү булоолонгон ысык тамактар үзгүлтүккө учурап, эркиндиги кескин түрдө кыркылдыбы? Ооба, түрмөдө жыргал жашоо жок да. Анан калса, СИЗОдо азыр баарына бирдей шарт түзүлгөнү айтылууда. Кылмышка шектүү каратаман жарандардан баштап, экс-чиновник, генералдардан бери бирдей укукта отурушарын эшиттик. Мындай режимге көнбөгөн “Эду” башында моюн толгоп, чачын кырдырбай каршылык көрсөткөндөн кийин атайын жасоолдор келишип, ур-токмокко алышып, анан тартипке келтиришкенби? Бул таризде ар кандай жоромолдор жорто баштады. Ошондо “Эдунун” эрки майышкан жокпу, же “сындыбы”?











