Нурланбек Буркановду кызматтан айдап салмайын абал оңолбойт
Ноокаттагы милициянын жаңжалы республикалык масштабга чыкты. Бул көрүнүш ИИМге көлөкө түшүрүүдө. Буга чейин министрлик канча деген жакшы иштерди жасап келди! Тилекке каршы, аймактагы арзыбаган эле чыр-чатактар көө сыйпап атпайбы. Мандемин аныктап, “диагноз” коюш керек да.
Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Бурканов кадимки Арзыбек Буркановдун бир тууган иниси. Кептин баары ушул жерде жатат. Чындыгында ГОМго татыксыз эргулду облустун деңгээлине көтөргөнбү? Ишенбесеңер баскан жолун, кылган ишин карап көргүлө! Көзгө сүртө турган мыдыры бар бекен? Көшөгө артындагы көп нерсе бизге белгилүү. Арзыбек Бурканов ажонун досу катары иниси Нурланбекти бакыйган кызматка койдуруп койгон. Анысы ишенимди актабай, өздүк курамга күлкү жаратып, жарыбай калды го? Билим, тажрыйбасы жетпесе, анан кантсин? Карайлап калса керек. Ошон үчүн райондордо милиция кызматкерлери жетекчиликке баш ийишпей, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап жатышат. Облустук башкармалык очорулуп калса, акыры ушундай болмок. Аныгында, Нурланбек Буркановду кызматтан айдап салмайын абал оңолбойт. Араздашуулар арбып, аласалып кетүүгө чейин барышса, анда ким жооп берет?
Ток этерине келсек, айланып келип эле ИИМге сөз тийүүдө. Аныгында учкай талдоо керек. Так кесе алганда, Нурланбек Буркановду агасы Арзыбек Бурканов Ош ОИИБ башчылыгына күчкө салып койдурса, эми иштей албайт экен, кетиришпейби? Бул эргул ажого таянып алып, ушундай кадрдык башаламандык кылып жатса, ага ким жооп берет? Өз абийирлерине койдук! Эртеби-кечпи көп былыктары боюнча жазаларын алышат! Ушундай. “Кой аксагы менен миң” демекчи, акыры ИИМ тазаланууга барарына ишенели. Бир чети жүздөрү ачылып жатканы жакшы. Эл билсин!
"Азия Ньюс" гезити