Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Соцтармактан бактысыз адамдар Ахматбек Келдибековду жамандашабы?

Соцтармактан бактысыз адамдар Ахматбек Келдибековду жамандашабы?

26-июнь, 22:06
1 504 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кой аксагы менен миң” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, эл ичинде да түрдүү адамдар, аларга тийешелүү ар кыл көз караштар бар. Тагдырларына, туулгандарына нааразылар да жок эмес. Айтор, наалыгандарды, баарына каршыларды көрүп эле жүрөбүз. Эмесе, ушундай бир ууч адамдардын тобуна кулак кагыш кылалы. 

Соңку убакта Ахматбек Келдибеков боюнча макала же маалымат жазылса, фейк-фабрикасы аралаш каралоого, жамандап жазууга ашыгышат. Сүйлөм түзө алышпай, бирок тыңсына беришкени эрксизден жылмайтат да. Көрсө, мындай пенделердин жандүйнөлөрү муздап калганы, ооздорунан жакшы сөз чыкпасы бештен белгилүү. Жалпы психикасына зак кетирип алышкандай, ички сезимдеринен майыптыкка айланышкандай туюлат. Мээ чөйчөктөрү чарчап баштаса, түз багытты көрө алышпай, кычышып, чукушмайга гана маш болуп чыга келишет тура. Үй-бүлөсүн тыңдап бага албагандар “кепшегендей” эле элес калтырганычы? Беш кол тең эмес эй! Мына ушундай образдагы айрым адамдардын аракеттерин көрүп, аларды бактысыздык курчап алганына ынанасың. Тек гана терикмейден каралоого кайыккандар... Дээликкендердин оорусу ашына берсе, аягы жаман го, доктурга көрүнүүгө туура келет да, ыя?

Ал эми ийгиликтүү, дүйнөгө кенен ой чаптыргандар Ахматбек Келдибековго акаарат келтиришпейт. Колдошот, же унчукпай баш ийкешет. Биздин соцтармактарга карата учкай жасаган анализибиз ушундай. Кыскасы, деңгээлдери бийик, бай көз караштагылар экс-спикерге карата жылуу ой-пикирде. Ооба, ушундай... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер