Мигрант келин: “Ажыраштым, чөктүм, бирок жаман жолго түшкөн жокмун”
Тиричилик деп мен дагы эл катары мигрант болуп кеткем. Бирок, мигрант экениме өкүнбөйм. Себеби, жаман жолго түшүп кетпей, тескерисинче, өтмүшүмдөгү катачылыктардан арылып, жашоонун жаңы барактарын ачып жаткан кезим. Ошону менен катар “мигрантмын, акча табыш керек” деп эле таңдан кечке иштен бошобой же интернеттен башым чыкпай, ар кимге негатив жазбайм. Анын ордуна мигрант айымдарыбызды колдоо иретинде алардын башынан өткөн, өзүмдүн окуяларымды жазып келем.
Мен жолдошум менен ажырашкан соң, кызымды айылга таштап, Россияга келе бергем. Башында дпрессияга түштүм, чөктүм, келечегим туңгуюктай сезилди, бирок, кыргыз айымдарынын жаны темирден болот тура...
Жакын дос, санаалаш болсок, балким мен билбеген нерселерди сиздерден окуп, үлгү алам. Алыста жүрүп бири-бирибизди колдоп, жылуу сөздөрүбүздү айтып, сырдашып турганга эмне жетсин! Айтор, бул жаңырган жылда жалаң жакшы нерселерге күбө бололучу.