Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмамбет Шыкмаматов салык саясатын жөнгө сала алабы?

Алмамбет Шыкмаматов салык саясатын жөнгө сала алабы?

28-декабрь, 12:00
1 189 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Салык башына Алмамбет Шыкмаматовдун келиши менен ар кандай талкуулар жаралууда. Бул тармактагы коррупцияны жеңе алабы?

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер:

-- Кайсы гана тармак болбосун, ал жердеги коррупцияны жоюу – бул комплекстүү иш. Жалгыз жетекчинин эле колундагы иш эмес, менимче... Ал жерде айлык акы, ал чөйрөнү аныктаган мыйзамдар, санариптештирүүнүн деңгээли, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү да маанилүү. 

Ал эми салык кызматынын жетекчисинин негизги милдети – бул салыктарды 100 пайыз чогултуу, мамлекеттин бюджетин толтуруу болуп эсептелет. Коррупцияны жойгонго чечкиндүү киришсе, анда салык да көбүрөөк чогултулат. Шыкмаматовдун тажрыйбасы кенен, жетиштүү. Ийгилик каалайлы! Бюджет толуп турса, мамлекет да өнүгөт.

Жылдызкан Жолдошова, коомдук ишмер:

-- Алмамбет Шыкмаматов күчтүү юрист. Мамлекеттеги кызматтары, басып өткөн тепкичтери көп, тажрыйбасы мол адам. Бирок, салык кызматындагы коррупцияны жеңүү өтө кыйын. Мен билем, катардагы баардык салык кызматкерлери таза жана жигердүү иштешет. Ал эми салктын башында турган айрым жетекчилери, ошондой эле өзүңөр көрдүңөр мамлекеттин 3-кишилери аралашып кеткенин. Ошон үчүн бу тармактагы коррупцияны түп-тамырынан жеңүү кыйын. Ошол эле учурда орто жана кичи бизнеске жакшы шарт түзсө болоруна толук кандуу ишенем. Буга Алмамбет Шыкмаматовдун күчү жетет. 

Урмат Акунов, жарандык активист:

-- Алмамбет Шыкмаматов элдин нааразычылыгын байкап, кайсы бир тарапка, мүмкүн президент тарапкабы же өзүнөбү упай топтоо аракетин кылып аткандай түр көрсөтүүдө. Ал жерде “салыктын кичине өлчөмүн кыскартып койсо эле баары арзандап кетет же болбосо баардык жашообуз жакшы деңгээлге көтөрүлө түшөт” дегенден алысмын. Анткени, салыктын түрлөрү көбөйүп кетти жана салык кызматкерлери болуп көрбөгөндөй арбыды. Негизи, штаттарды чыгаруу менен бизнесмендерди кыйнап, көптөрүн качырды. Шыкмаматов мырза айтып койгон менен экономикабыз жомоктогудай бир күндө эле көтөрүлүп кетпейт...    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер